↑ Вернуться: Колледждер

Нарын агрардык-экономикалык колледжи

rysbekНарын агрардык-экономикалык колледжи (мурунку аталышы — Нарын айыл-чарба техникуму) 1975-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин 3-октябрь № 504 Токтомунун негизинде түзүлгөн. 1996-жылдын 22-майынан тартып техникум, Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы структуралык бөлүмү катарында иш жүргүзүп келет. 2008-жылдын март айында Нарын облустук юстиция башкармалыгынан  каттоодон өтүп, Нарын Агрардык-экономикалык колледжи деген аталышка ээ болгон.

Колледждин директору Жаныбек уулу Рысбек

Нарын Агрардык — экономикалык колледжинде адистерди даярдоо үчүн тийиштүү деңгээлде шарттар түзүлгөн. Колледж С. Нааматов атындагы НМУнун Ак – Коргон чөлкөмүндөгү №4 окуу корпусунда жайгашкан. Учурдун талабына жооп берүүчү аудиториялар, компьютердик класс, кабинеттер, көргөзмө куралдар, лабораториялар, практикалык иштер үчүн атайын имараттар менен камсыз болгон. Ал эми дене тарбия сабагын өтүш үчүн Нарын шаардык ден соолукту чыңдоо борборуна барышат.

Алыстан келген студенттер жашоо шартка ылайыкташтырылган жатакана менен камсыз болушат.

Колледж 9 – 11 класстын бүтүрүүчүлөрүн кабыл алат.

Биринчи курста, 9 – классты бүтүп колледжке өткөндөр, орто мектептин 10 – 11 класстарынын материалдарын жыйынтыктап, экинчи курстан тартып адистиктер боюнча сабактарды өздөштүрө башташат.

Азыркы учурда колледж «ВЕТЕРИНАРИЯ», «ЭКОЛОГИЯ»,  адистиктери боюнча БЮДЖЕТТИК орундарга кабыл алат. Жакшы окушкан студенттер ай сайын стипендия менен камсыз болушат.

Ал эми, «ФИНАНСЫ»,  «САЛЫК ЖАНА САЛЫК САЛУУ», «МЕНЕДЖМЕНТ», «АГРОНОМИЯ» «ТИГҮҮЧҮ БУЮМДАРДЫ МОДЕЛДӨӨ ЖАНА КОНСТРУКЦИЯЛОО», «ЭЛЕКТР СТАНЦИЯЛАРЫ ЖАНА ТАРМАКТАРЫ», «КОМПЬЮТЕРДИ ТЕЙЛӨӨ ЖАНА ОҢДОО» жана «УНААДА ЖҮК ТАШУУНУ УЮШТУРУУ ЖАНА БАШКАРУУ» контракттык негизде окутулат.

Агрардык-экономикалык колледжинде бүгүнкү күндѳ 439 студент; бюджеттик негизде- 153 студент, контракттык негизде- 210 студент жана сырттан окуу бѳлүмүндѳ 76 студент билим алууда.

Коомдук массалык маданий иш-чараларда студенттер өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, көптөгөн конкурстарда, кароо сынактарда жана спорттук  мелдештерде алдынкы байгелүү орундарга ээ болушкан.

Колледждин окутуу иштеринде жеке эле колледждин гана эмес университеттин да тажрыйбалуу педагогдору иштѳѳ менен, студенттерге инновациялык ыкмаларды колдонуу аркылуу жогорку методикалык денгээлде окуу процесстерин иш жүзүнө ашырышат.

Экономика циклинде бардыгы 22 мугалим эмгектенет. Алардын 8 университеттен келип сабак беришет. Мугалимдердин  билим денгээлин өнүктүрүү максатында квалификациясын жогорулатуу үчүн атайын курстардан өтүп турушат.

2009-жылдан тартып экономика багыты боюнча 550 студентер билим алып  чыгышкан. Алардын 35 студенти “эн жакшы” деген баа менен аякташкан.

Смета расходов по бюджетным средствам

Даярдоо багыттары, Окуу мөөнөтү

«ВЕТЕРИНАРИЯ» – бөлүмүн  бүтүрүп, «Ветеринардык фельдшер» — деген   кесипке ээ болгон адистер , үй жана жапайы жаныбарлардын, канаттуулардын, балыктардын, аарынын, баалуу терилерди берүүчү жырткыч – кемирүүчүлөрдүн жугуштуу жана жугушсуз ооруларына каршы жүргүзүлүүчү алдын – алуу иш – чараларды, өз убагында туура диагноз коюп дарылоо, эмдөө, дезинфекция жасоо жумуштарын социалдык, экономикалык жана саясий жагдайларды эске алуу менен системалуу, комплекстүү, татаал структуралуу жооптуу жумушту жүргүзүшөт.

«ЭКОЛОГИЯ» — «Айлана – чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу» бөлүмүн бүтүрүшкөндөр токой чарбаларында, мамлекеттик коруктарда, питомниктерде, жаратылыш парктарында эмгектенишет жана жогорку билим алууга мүмкүнчүлүк алышат.

«АГРОНОМИЯ» — айыл – чарба  өндүрүшүнүн илимий негизи жана айыл-чарбасынын бардык тармактары боюнча билимдердин жыйындысы болуп эсептелгендиктен элдин турмушунун жакшыртылышына жана экономикалык, социалдык жактан өнүгүшүнө түздөн – түз таасирин тийгизет, өнөр – жай жана кайра иштетүүчү мекемелерди пайда кылып жумушчу тобун жаратат.

Агроном адистигине ээ болгондор, чийки сырье заттарын өндүрүүчү дыйканчылык  чарбаларда, аларды сатып алуучу, сактоочу жана иштетүүчү майда жана чоң мекеме – ишканаларда, цехтерде, инфраструктураларда иштей алышат.

«ФИНАНСЫ» Мамлекеттин финансы политикасы, базар экономикасын  контролдоодо, экономиканын калыптанышында жана өсүшүндө мамлекеттин эң негизги каражаты. «Финансы» адистиги Нарын Агрардык-экономикалык колледжде окутулуп даярдалат. «Финансы» адистигине ээ болгон бүтүрүүчүлөр облустук  жана райондук финансы

«САЛЫК ЖАНА САЛЫК САЛУУ» Салык төлөө – мамлекеттин каражатын толуктоочу жана кирешени жөнгө салуучу булагы болуп эсептелет. Бул бөлүмдүн  бүтүрүүчүлөрү салык органдарында салык инспектору болуп иштөөгө укуктуу болушат.

«МЕНЕДЖМЕНТ» — эл чарбасынын оор жана жеңил өнөр жайынын баардык тармактарынын өндүрүшүн жогорулатуу, анын экономикасын жана рентабелдүүлүгүн көтөрүү багытындагы илимий —  практикалык негиз болуп эсептелет. Бул кесиптин ээлери өндүрүштү пландаштыруу, башкаруу жана жөнгө салуу боюнча жоопкерчиликтүү кызматты аркалашат.

«УНААДА ЖУК ТАШУУНУ УЮШТУРУУ ЖАНА БАШКАРУУ» «Ат адамдын канаты» дегендей, азыркы заманда Кыргызстанда автомобиль адамдын  канаты десек жаңылбайбыз. Аны убагында бапестеп бакпасаң, бир күнү жөө калтырат.Биздин өлкөдө автомобиль жасап чыгарууга азырынча шарты келе элек. Ошондуктан, азыркы учурда  чет элдик автомобилдерди колдонууга мажбур. Ал эми, кийинки убакытта келип жаткан чет элдик автомобилдерди тейлөө жана оңдоо ар бир эле айдоочунун колунан келе бербейт жана мурунку советтик автомобилдердей ордунан эле оңдоп кете албайсың.

«ТИГҮҮ  БУЮМДАРЫН МОДЕЛДЕШТИҮҮ ЖАНА КОНСТРУКЦИЯЛОО»

  • Моданын негизги багыттарын;
  • материалдарды иштеп чыгуу;
  • Буюмдарды өндүрүштук технологиялардын базасында заманбап даярдоо;
  • Технологиялык жабдуулардын арналышын жана техникалык мүнөздөмөлөрүн;
  • Тигилүүчү буюмдардын тигүү  технологиясын.

Бул адистикти аяктагандар ири, кичи жана орто бизнестин ишканаларында конструктор, модельер, технолог, дизайнер, мастер, цехтердин башчысы, текшерүүчү жана башка ушул сыяктуу өндүрүштүк багыттарда иштей алышат.

«ЭЛЕКТР СТАНЦИЯЛАРЫ ЖАНА ТАРМАКТАРЫ»

Азыркы заманда электр энергиясы биздин жашоо үчүн эң керектүү нерсе болуп калды, биздин турмушту электроэнергиясыз жана жарыксыз элестеттүү өтө кыйын. Кыргызстанда электр энергиясын негизинен аккан суунун жардамы менен алабыз, келечекте дагы бир топ суу электр станциялары курулса, биздин өлкө энергияны экспортко чыгаруу астында.

«КОМПЬЮТЕРДИ ОНДОО ЖАНА ТЕЙЛӨӨ»

Жыйырманчы кылым электрлештирүүнүн заманы болсо, жыйырма биринчи кылым компьютерлештирүүнүн заманы болуп калды. Азыркы мезгилде компьютер, уюлдук телефон жана техниканын өнүгүүсү менен компьютерсиз иштөө мүмкүн эмес. Бул адистикти аяктагандан адистер компьютердик борборлордо, банктарда, чоң мекеме —  ишканаларда иштей алат.

Урматтуу абитуриент!!!

Бул адистиктер боюнча Нарын Агрардык техника — экономикалык колледжден билим алып, аталган адистикке ээ болуп, мамлекеттин экономикасын чыңдоого, жашоонун жакшы шартын камсыз кылууга өз салымыңыздарды кошуңуздар!

Экономика, агрардык жана техникалык адистиктерге ээ болушкан бүтүрүүчүлөр тиешелүү  адистиктер боюнча жогорку билим алууга мүмкүнчүлүгү бар!

Биздин дарек:

Нарын ш., Ленин көч., 127

Байланыш телефондору: 5-07-03

Директор НАЭК — 0773-14-26-18;

Кабыл алуу комиссиясы — 0703-95-99-97;

Адистиктер

Даярдоо багыттары Окуу мөөнөтү Бүтүрүүчү адистик Күндүзгү Сырттан ВЕТЕРИНАРИЯ (БЮДЖЕТ) 9-класстын  базасында 11- класстын  негизде         2ж. 10 ай 1ж. 10 ай       жок жок Ветеринардык фельдшер ЭКОЛОГИЯ (БЮДЖЕТ) 9- класстын  базасында   11- класстын  базасында       2ж. 10 ай   1ж. 10 ай       жок …

Смотреть страницу »