Нарын педагогикалык колледжи

Директору Султаналиев Койчубек Шералиевич

К. Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжи узак жылдар бою Тянь-Шань өрөөнүндө элдик университет катарында эсептелип келген. Теңир тоо аймагында элге билим берүү кадрларын даярдоо боюнча бирден бир окуу жайы болгон. Аталган окуу жай 1939-жылы ачылган. 70 жылдык тарыхы бар. Нарындагы мугалимдерди даярдоочу окуу жайы, 1951−1955-жж. Мугалимдер институту, 1955-ж.кайрадан педагогикалык окуу жайы, 1996-ж. Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы окуу жайы болуп ачылып, азыркы күнгө чейин облуста, республикабыздын бардык булуң-бурчунда үзүрлүү эмгектенип жаткан башталгыч класстын, дене тарбия мугалимдерин окутуп, тарбиялап, даярдап келүүдө.

Нарын педагогикалык окуу жайынын ишмердүүлүгүндөгү негизги максат- Билим берүү системасындагы бир көйгөйдүн бөксөсүн толтуруу-айыл жана шаар мектептерине мыкты мугалимдерди даярдоо жана жалаң гана билимге сугарылган эмес, адамкерчиликке, таалим-тарбияны алып кетүүгө жөндөмдүүлүгү бар чыныгы педагог-инсанды тарбиялап чыгуу болуп саналат.

Толук маалымат npu.nsu.kg сайтында