↑ Вернуться: Жетекчилик

Ректор

IMG_0016Өмүралиева Дамира Кемеловна,экономика илимдеринин доктору, профессор

Телефоны: (03522) 5-08-16 (рабочий), (0772) 65-56-09 (мобильный)

Е-mail: d-omuralieva@mail.ru, d-omuralieva@yandex.ru

 

 

10-март 1966-жылы Ак-Талаа районунун Коңорчок айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 1983-жылы Учкун орто мектебин бүтүрүп, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун экономика факультетине кирген. 1997-жылы аталган институтту  артыкчылык диплому менен аяктап институттун Окумуштуулар Кеңешинин жолдомосу менен Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын экономика институтуна аспирантурага өткөн.

Өмүралиева Д. К. өзүнүн эмгек жолун 1991-жылы ушул институтта кенже илимий кызматкер катары баштаган. Ошол эле жылдын күзүндө Өмүралиева Д. К. «Чүй өрөөнүнүн колхоздорунун мал чарбасында эмгектин  өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуунун жолдору» темасындагы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, 25 жашында экономика илимдеринин кандидаты деген илимий даражага жетише алган.
1992-жылдан тартып  Өмүралиева Д. К. Нарын жергесинде  эмгектене баштаган. Алгач ал Нарын облустук финансы инспекциясында башкы адис катары кызмат өтөгөн. 1995-жылы педагогикалык кесипке өтүп Нарын айыл чарба техникумунда окутуучу болуп   иштеген.
1996-жылы Нарын мамлекеттик университети ачылганда Өмүралиева Д. К. биринчилерден болуп окутуучулук кызматка кабыл алынып, Гуманитардык илимдер кафедрасынын башчысына дайындалган.
1996-жылдын ноябрь айынан 1997-жылдын июль айына чейин НМУга караштуу Нарын айыл чарба техникумунун директору болуп иштеп келди.
1997-жыл сентябрдан 2001-жылга чейин НМУнун экономика жана укук, 2001-2007 жылдары Экономика жана башкаруу факультеттеринин деканы кызматтарында үзүрлүү эмгектенип келди.
Өмүралиева Д. К. кайсы кызматты кайсы жерде аркалабасын дайым өзүн жоопкерчиликтүү, билгич, кесипкөй адам,  адилет, эл менен иштей билген жетекчи катары көрсөтө алды.
Өзүнүн үзүрлүү эмгеги үчүн Өмүралиева Д. К. көптөгөн сыйлыктарга татыктуу болгон. Айтсак,  ал Нарын облустук, Нарын райондук мамлекеттик администрацияларынын, НМУнун, КР Билим берүү министрлигинин Ардак Грамоталары менен сыйланган. 2004 жылы «КР Билим берүүнүн отличниги» төш белгисине ээ болгон.
Окутуучулук кызматтан сырткары Өмүралиева Д. К. жергебиздин социалдык-экономикалык өнүгүшүнө өзүнүн жеке салымын кошуп келүүдө. Бүгүнкү күнгө  Өмүралиева Д. К.  төмөнкү республикалык жана аймактык экономикалык программаларды иштеп чыгууга түздөн-түз катышкан:

. Нарын областынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн Комплекстүү программасы (учурда КР Өкмөтүндө каралууда);

Нарын областынын 2012 жылга чейинки агрардык өнүгүүсүнүн Концепциясы 2006-жылы Бишкекте басылып чыгып, Нарын оюлустук мамлекеттик администрациясы жана тиешелүү мекемелер тарабынан иш жүзүндө колдонулуп жатат. – Бишкек, 2006;

Нарын районунун 2010-жылга чейинки социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн Комплекстүү программасы (учурда Нарын облустук администрациясында каралууда);

Нарын областында «Жаңы багыт» жаштар кооперативдеринин өнүктүрүү  Программасы.  – Нарын-2006;

2010-жылга чейинки Өлкөнүн Өнүгүү Стратегиясынын алкагында Нарын регионунун 2011- жылга чейинки Стратегиясы (Нарын облустук администрациясынын коллегиясынын (2008-жыл, июнь) чечими менен бектилип, практикада колдонулууда);

.Кыргызстанда айылдык кеңеш берүү кызматтарынын өнүгүшүнүн Концепциясы (учурда КР Өкмөтүндө каралууда) ж.б.

Дамира Өмүралиеванын илимий жетишкендиктери анын эл аралык проектилер менен иштешине шарт түзүүдө. Мисалы Д.К. Өмүралиева облусубуздагы кесиптик-техникалык лицейлер үчүн Хельветас уюмунун «Фермер» жана «Фермер-айым» билим берүү проектисинин алкагында «Фермердик чарбадагы бухгалтердик эсеп», «Фермердик чарбадагы маркетинг» жана «Фермердик чарбанын инфраструктурасы жана табигый ресурстар» окуу китептеринин автору.
Мындан сырткары биздин жердешибиз башка көптөгөн эл аралык уюмдар менен тыгыз иш алып келүүдө. Бүгүн Өмүралиеванын негизги кызматы НМУнун Маалымат технологиялар, экономика жана башкаруу факультетинде «Салык жана салык салуу» кафедрасынын жетекчиси, профессордун милдетин аткаруучу,  ошондой эле Азия өнүктүрүү банкынын өлкөнүн өнүгүү Стратегиясына мониторинг жасоо жана баалоо проектисинде Нарын облустук консультант болуп иштеп келүүдө.
Республиканын жогорку окуу жайларында кредиттик технлогияларды өнүктүрүү боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен эксперттик топко мүчө болуп кирип, НМУ аталган системаны өнүктрүүгө зор салым кошкон. Кыргызстандын ЖОЖдорунда кредиттик системаны өнүктүрүүгө багытталган бир нече методикалык көрсөтмөлөрдү түзүүгө катышкан. 2007-2008 — окуу жылында Д.Өмүралиеванын жетектичилиги менен университетте алгачкы ирет кредиттик система боюнча даярдалган «Экономика» багыты боюнча адистер бакалавр даражасын алып, базалык жогорку окуу билимине ээ болушту.
Д. К.Өмүралиева илимий жаатында дагы жаңы бийиктикке жетишип, 2008 жылдын 17 ноябрында экономика илимдеринин доктору илимий  даражасы үчүн диссертацияны ийгиликтүү коргогон. Учурда 3 изилдөөчүнүн кандидаттык диссертациясынын илимий жетекчиси.