25.06.2026

Абитуриенттер үчүн

Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин С. Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институтун тандоо менен, Сиз келечекке ишенимдүү кадамдарды жасайсыз!!!

Сиздин эң бир татаал жана маанилүү кадам — кесип тандоо процесси турат.

Кесип тандоодо үч факторду эске алыңыз:

а) келечектеги кесибиңиз Сиздин жөндөмүңүзгө, шыгыңызга жана ички каалооңузга төп келиши абзел;

б) университетти аяктагандан кийин кесибиңиз боюнча жумуш орун менен камсыз болуунун реалдуу мүмкүнчүлүгу болушу керек;

в) кесипке ээ болуу процесси экономикалык жактан үнөмдүү болушу керек.

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети Нарын регионундагы бирден-бир билим уясы болуп эсептелет. Нарын мамлекеттик университетин тандоо менен Силер келечектеги эң керектүү болгон кесиптин ээси болуп чыгасыңар деп ишенебиз. Бул колдонмо Силер университет менен өз алдынча таанышып, алдыңарда ачылган мүмкүнчүлүктөр тууралуу толук маалымат алуу үчүн иштелип чыкты.

Студенттер, абитуриенттер жана ата энелерге колдонмо

Бюджеттик орундар

Маалымат такталып жатат…

WhatsApp Image 2026-06-23 at 09.55.05

Бул үчүн, тапшырууну каалаган жалпы орто билими жөнүндө аттестаты бар орто мектептин бүтүрүүчүлөрү, кесиптик орто же кесиптик жогорку билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплому бар абитуриенттер (колледждер менен ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү) жана чет өлкөлүк жарандар, төмөнкү документтерди көрсөтүүгө тийиш:
— Жалпы орто жана атайын орто билимдери боюнча мамлекеттик үлгүдөгү документтери (аттестат же диплом);
— оригинал ЖРТнын сертификаты;
— 3×4 өлчөмүндөгү сүрөт — 6 шт;
— паспорттун көчүрмөсү;
— жалпы окуу акысынын 25% өлчөмүндө алгачкы төлөм.
Жалпы орто билими тууралуу аттестаты бар абитуриенттер (мектептердин бүтүрүүчүлөрү) үчүн документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 1-июлунда башталат.
Негизги орто билими тууралуу аттестаты бар абитуриенттер (9-класстардын бүтүрүүчүлөрү) үчүн документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 1-июлунда башталат.

Биздин дарек:

Нарын шаары, С. Орозбаков көчөсү 25.

Сурап билүү учүн телефондор: Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы: Бейшеналиева Уулкан Усөнбековна +996 704 643 282

Ж.Баласагын атындагы КУУнун С. Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институту 2026−27-окуу жылыны карата абитуриенттердин документтерин кабыл алуу үчүн «Абитуриент» тобуна төмөнкү курамды сунуштайт:
«Абитуриент» тобунун жетекчиси, түзүм боюнча жооптуу:
1. Ж. Баласагын атындагы КУУнун С. Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институту боюнча жооптуу кызматкер — Бейшеналиева Уулкан Үсөнбековна, +996 704 643 282 uka31ster@gmail.com
2. «Абитуриент» тобунун мүчөсүнө:
№ Ф.А.А.- Вотсап, эл. почта Жооптуу түзүмү Кызмат орду
1. Айтиева Зейнеп Алтынчиевна aitievaitievazeinep8004@gmail.com
+996 700 892 448
Агрардык-техникалык факультетиТехникалык, агрардык жана экологиялык дисциплиналар кафедрасынын башчысынын м.а.
2. Салыкова Жазира Муканбетовна salykovajazira@gmail.com
+996 704 656 541 Чет тилдери жана компьютердик системаларды программалоо колледжи Чет тилдери жана компьютердик системаларды программалоо колледжинин методисти
3. Сейдакмова Гүлназ Калыбековна g7041936@gmail.com +996 556 288 603 Педагогика жана филология факультети Педагогика жана филология факультетин методисти
4. Бактыбек кызы Асел aselbaktybekk@gmail.com
+996 704 544 477 Экономика жана табигый-гуманитардык илимдер факультети Экономика жана табигый-гуманитардык илимдер факультетинин методисти

Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин С. Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институтунун эшиги сиздер үчүн дайыма ачык !!!

Энергетика-Кыргызстандын жаркын келечеги!

Агрардык техникалык факультети

факультет 1997-жылы 29-сентябрда Нарын мамлекеттик университетинин ректорунун № 54 буйругу менен түзүлгөн.

Педагогика жана филология факультети

1997-жылы 30-августта Нарын мамлекеттик университетинин ректорунун № 54-буйругунун негизинде түзүлгөн. Билим берүүчүлүк ишмердүүлүгү филология, журналистика жаатындагы адистерди даярдоого багытталган.

Экономика, менеджмент жана дене тарбия факультети

билим берүүчүлүк ишмердүүлүгү экономика, финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп жана аудит, менеджмент жаатындагы адистерди даярдоого багытталган.

Филология факультети

билим берүүчүлүк ишмердүүлүгү филология, журналистика жаатындагы адистерди даярдоого багытталган.

Сырттан окутуу департаменти

Аралыктан окутуу бөлүмү НМУнун ректорунун 3-май, 2013-жылдагы № 01−12/65 буйругу менен түзүлгөн.

Нарын педагогикалык колледжи

1997-жылы 30-августта Нарын мамлекеттик университетинин ректорунун № 54-буйругунун негизинде түзүлгөн.
Толук маалымат npu.nsu.kg сайтында

Агрардык-экономикалык колледжи

2008-жылдын март айында Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өтүп, Нарын Агрардык-экономикалык колледжи деген аталышка ээ болгон.
Толук маалымат naek.nsu.kg сайтында

Чет тилдери жана компьютердик системаларды программалоо

Чет тилдери адистиги жана Компьютердик системаларды программалоо адистигин даярдайт.

дайыма берилүүчү суроолор

ЖРТнын жыйынтыгы талап кылынбаган багыттар боюнча кирүү сынагы эки тапшырмадан турат:

  • кыргыз же орус тилдеринен — КОМПЬЮТЕРДИК ТЕСТИРЛӨӨ;

  • «Көркөмдүк билим берүү» багытына — СҮРӨТ ТАРТУУ;
  • «Адабият чыгармачылыгы» багытына — ДИЛ БАЯН ЖАЗУУ (СОЧИНЕНИЕ);
  • «Дизайн» багытына — ЧИЙМЕ ЧИЙҮҮ (ЧЕРЧЕНИЕ);
  • «Дене тарбия жана спорт» багытына — СПОРТТУК НОРМАТИВДЕРИН ТАПШЫРУУ.

Жогорку жана кесиптик орто билими бар адамдарды НМУга окууга кабыл алуу кесиптик жогорку же орто билим алууга өткөн айрым дисциплиналардын жана башка окуу иш — чараларынын окутуу жыйынтыктарын кайра аттестациялоонун негизинде жүргүзүлөт.

Кабыл алуу комиссиясына тапшырылчу документтер:

  • Арыз (документтерди тапшырган учурда жазылат);
  • 3*4 сүрөт 4 даана;
  • ЖРТ менен тапшырчуларга: ЖРТнын (ОРТ) сертификаты;
  • Аттестат же Дипломдун оригиналы;
  • Паспорттун копиясы;
  • «Дене тарбия жана спорт» багытына тапшырчуларга — 

086 справкасы;

  • Документти кабыл алуу үчүн 450+20 сом;
  • Скоросшиватель, файл.

Суроолор боюнча Нарын шаары С. Орозбаков көчөсү, 25.

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин башкы окуу корпусу

Тел.: (3 522) 50 814, +996 709 797 976; +996 700 848 822

Биздин дарек Нарын ш., С. Орозбаков көчөсү, 25. С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин башкы окуу корпусу Тел.: (3 522) 50 814, +996 709 797 976; +996 700 848 822

You are using the BNS Add Widget plugin. Thank You!