АРХИВ — ӨТКӨНДҮН ҮНҮ, БҮГҮНКҮНҮН КҮЗГҮСҮ, КЕЛЕЧЕКТИН КЕРЭЭЗИ!
2026-жылдын 18-сентябрында Нарын шаарындагы Жаштар ордосунда Кыргыз Республикасынын Архив кызматынын 100 жылдыгына арналган «Архив — илимий изилдөөлөрдүн негизги булагы» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Архив кызматынын Нарын региондук башкармалыгы жана Ж. Баласагын атындагы КУУнун С. Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институту тарабынан уюштурулду.
Конференциянын жүрүшүндө архивдик документтердин тарыхты изилдөөдөгү орду, тарыхый мурастарды сактоо жана аларды кийинки муундарга жеткирүүнүн мааниси талкууланды. Пленардык жыйында архив материалдарынын негизинде тарыхый окуяларды жана инсандардын тагдырларын изилдөө боюнча баяндамалар жасалды.
Ошондой эле катышуучулар «Доор алмашат — архивдик тарыхый документтер муундан муунга мураска калат» аттуу тарыхый сүрөт-документтердин көргөзмөсү менен таанышты.
Иш-чаранын соңунда архив тармагында көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенген ардагерлерге сый-урмат көрсөтүлүп, мыкты ведомстволук архивдердин өкүлдөрүнө сыйлыктар тапшырылды.
