Нарын аймактык көп тармактуу институтунда «БИЛИМ КҮНҮ» салтанаттуу белгиленди
15-сентябрь 2026-жылы Нарын аймактык көп тармактуу институтунда жаңы 2026−2027-окуу жылынын башталышына карата «Билим күнү» салтанаттуу белгиленди.
Салтанаттуу иш-чарага институттун директору Кенжегүл Орозобековна, жетекчилик курам, профессордук-окутуучулук жамаат жана институттун босогосун алгач ирет аттаган биринчи курстун студенттери катышты.
Иш-чараны институттун директору Кенжегүл Орозобековна ачып, окутуучулар жамаатын жана студенттерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады. Өз сөзүндө директор студенттерге сапаттуу билим алуунун, өз кесибине жоопкерчилик менен мамиле кылуунун жана коомдун өнүгүшүнө өз салымын кошкон татыктуу адис болуунун маанилүүлүгүн белгилеп, жаңы окуу жылында ийгиликтерди каалады.
Иш-чаранын өзгөчө бөлүгү катары биринчи курстун студенттери үчүн институттун башкы корпусуна атайын экскурсия уюштурулду. Экскурсиянын жүрүшүндө жаңы студенттерге окуу жайдын түзүмү, негизги бөлүмдөрү жана окуу процессин уюштуруу тартиби тууралуу кеңири маалымат берилди.
Мындан тышкары, биринчи курстун студенттери институттун тарыхы, анын түптөлүшү жана билим берүү тармагындагы орду менен тааныштырылды. Бул иш-чара жаштардын окуу жайдын тарыхын терең билүүсүнө жана институттун жамаатына тез арада ыңгайлашуусуна өбөлгө түздү.
