НАРЫН АЙМАКТЫК КӨП ТАРМАКТУУ ИНСТИТУТУНУН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНӨ ДИПЛОМДОР ТАПШЫРЫЛДЫ
Ж.Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин с. нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институтунун бүтүрүүчүлөрүнө дипломдор тапшырылды.
2026-жылдын 11-сентябрында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин С. Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институтунда бүтүрүүчүлөргө диплом тапшыруу аземи болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чарага Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илимий иштер боюнча проректору Камчыбек уулу Мырзабек катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө институттун бүтүрүүчүлөрүнө жогорку билим алгандыгын ырастаган дипломдор салтанаттуу түрдө тапшырылды. Бул күн бүтүрүүчүлөрдүн студенттик мезгилин жыйынтыктаган маанилүү учур болуп, алардын кесиптик жана коомдук ишмердүүлүгүндөгү жаңы этаптын башталышын белгиледи.
Бүтүрүүчүлөрдү бул маанилүү жетишкендиги менен куттуктайбыз! Аларга тандаган кесиби боюнча ийгиликтүү эмгектенүүнү, жаңы билимдерди жана тажрыйбаларды өздөштүрүүнү, мекендин өнүгүшүнө өз салымын кошкон кесипкөй адис болууну каалайбыз.
Бүтүрүүчүлөргө кең келечек, бийик максаттар жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз!
