Факультеттер

Азыркы учурда «Электр чордондору», «Жол кыймылын уюштуруу жана анын коопсуздугу», «Экология жана жаратылышты пайдалануу» жана «Информатика жана эсептөө техникасы» багыттары боюнча студенттер күндүзгү жана сырттан окуу (дистанттык) окуу процесси жүргүзүлүүдө.

Факультет «Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы», «Биология мугалими», «Тарых мугалими» «Математика жана информатика мугалими» адистиктери тарбиялап окутуп чгарат.

Факультеттин билим берүүчүлүк ишмердүүлүгү филология, журналистика жаатындагы адистерди даярдоого багытталган. Иштеп жаткан мезгилден бери кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили, араб тили, корей тили, кытай тили боюнча көптөгөн кесипкөй адистерди даярдап чыгарды.

Факультеттин билим берүүчүлүк ишмердүүлүгү экономика, финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп жана аудит, менеджмент жаатындагы адистерди даярдоого багытталган. Иштеп жаткан мезгилден бери бул багыттар боюнча көптөгөн кесипкөй адистерди даярдап чыгарды.

Департамент университеттеги аралыктан окутуу технологияларын колдонуу менен жүргүзүлгөн окуу процессин уюштуруу, бул процессти камсыз кылуучу маалыматтык технологиялардын сапаттуу иштешин камсыз кылуу, кафедралардын аралыктан окутуу технологиясы боюнча окуу жана окуу-методикалык ишмердигин координациялоо багытында иш алып барат.