Экономика, менеджмент жана дене тарбия факультети

Экономиканы өнүктүрүү-бул өлкөнү өнүктүрүү

Экономика факультети 1997-жылы уюшулган. Факультеттин билим берүүчүлүк ишмердүүлүгү экономика, финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп жана аудит, менеджмент жаатындагы адистерди даярдоого багытталган. Иштеп жаткан мезгилден бери бул багыттар боюнча көптөгөн кесипкөй адистерди даярдап чыгарды. Азыркы күндө факультеттин бүтүрүүчүлөрү республикабыздын бардык аймактарында бюджеттик мекемелерде, финансы-кредиттик уюмдарда, банктарда, жеке ишканаларда эмгектенишет.

Факультеттин деканы; Исраилов Эрик Мукашович экономика илимдеринин кандидаты