Эл аралык байланыштар

меж.отдел

 
 
 
Бөлүмдүн жетекчиси       Байтүгөлова Ж. А

 

Бөлүмдүн структурасы

Бөлүм башчы→Башкы адис→  Жетектөөчү адис→   Кеңсе менеджери

Бөлүмдүн максаты

  • Бөлүмдүн негизги максаты – НМУнун эл аралык байланыштарын өнүктүрүү жана чыңдоо;
  • НМУга билим берүүнүн сапатын жогорулатуу багытында долбоорлорду жана программаларды тартуу;

Бөлүмдөгү эл аралык долбоорлор

  • TUCAHEA TUNING, — координатору Байтүгөлова Ж.А.
  • EDUCA- координатору проф. Өмүралиева Д.К.
  • TOSCA- координатору Байтүгөлова Ж.А.
  • EACEA 2- координатору проф. Өмүралиева Д.К.
  • Mevlyana- координатор Байтүгөлова Ж.А.

 

TUCAHEA проекти жөнүндө

Казакстандагы ТЮНИНГ проекти боюнча эл аралык жолугушуу учурунда, Марлис Бекежанов, информациялык технологиялар бөлүмүнун башчысы, студенттердин аракети менен жазалган робот менен таанышуу учурунда

TUCAHEA

Проекттин алкагында окуу башкармалыгы жана педагогика кафедрасы тарабынан ПМНО адистиги боюнча окуу каталогу иштелип чыкты жана англис тилине которулду. Проекттин туруктуулугун камсыздоо максатында, эл аралык байланыштар бөлүмүндө ТЮНИНГ борбору ачылды, компьютердик жабдыктар жана он-лайн ресурстук материалдары www.tuning.org сайтында бар. Андан сырткары, компетенттүү инсанга багытталган окутуунун алкагында 8 багыттагы профессионалдык жана жалпы компетенциялар иштелип чыкты. Алар: тилдер, педагогика, экономика, бизнес, инженерия, экология, тарых жана юриспруденция. Бул материалдар менен да тюнинг борборунун сайтынан таанышсаныздар болот.

Эразмус Мундус программасы туураалуу

Акыркы беш жылдан бери НМУнун эл аралык байланыштар болүмү TOSCA, EACEA Эразмус Мундус программалары менен иштеп келе жатышат. Бир академиялык жылда НМУнун студенттери, магистранттары, илимий изилдөөчүлөрү жана профессордук курамынын арасынан 5 же 6 сы Европалык университеттерден билим алышыт, изилдөө иштерин жүргүзүшөт жана стажировкадан өтүшөт. Азыркы учурда филология факультетинин окутуучусу Аттокурова Сюита Деусто университетинде (Испания) аспирантурада окуп илимий изилдөө иштерин жүргүзүп жатат. Алпамышова Толкун НМУнун экономика факультетинин студенти Любляна университетинде (Словения) окуусун бакалавр денгээлинде улантып жатат. НМУнун магистранты Нурбек Нишарапов (Любляна университети Словения) жана аспиранты Айзада Нуралиева (Гумбольд университети, Германия) да Эразмус Мундус программасынын алкагында Европалык университеттерге кабыл алынышты. НМУнун ректору, профессор Дамира Омуралиева, Гумбольд университетинен Индека проекти менен бирдикте бир айлык стажировкадан өтүп келүүгө 2015-2016 академиялык жылына стипендия женип алды.

TOSCA проекти менен Европалык консорциум университеттерине өткөн академиялык жылда НМУ дан кабыл алынгандардын тизмеси:

Деңгээли Фамилиясы, Аты Кабыл   алган  ЖОЖ Кабыл   алган  мамлекет
1. Бакалавр, 1000€ МираидаТалипакун кызы Adam Mickiewicz University in Польша
Исакова Бермет Adam Mickiewicz University in Poznan Польша
2. Магистратура 1000€ Гулмира Калил кызы Justus Liebig University Германия
3. Аспирантура, 1500€ Ашыров Эркин University of Porto Португалия
4. ППС, 2500€ Абдыраимова Жазгүл University of Porto Португалия

EACEA проекти менен Европалык консорциум университеттерине өткөн академиялык жылда НМУ дан кабыл алынгандардын тизмеси:

Деңгээли Фамилиясы, Аты Кабыл  алган  ЖОЖ Кабыл  алган  мамлекет
1. Бакалавр, 1000 Бейшенбек кызы Назира University of Lund Швеция
2. Аспирантура, 1500 Курманалиева Гулзана Humboldt University Berlin Германия
Алымбаева Журсун Tomas Bata University Чехия
3. ППС, 2500 Аттокурова Сюита Tomas Bata University Чехия
Усубалиева Жылдыз University of

 

Ljubljana

Словения

EACEA

EACEA.jpg3 EACEA.jpg2

Mevlyana программасы менен Европалык консорциум университеттерине өткөн академиялык жылда НМУ дан кабыл алынгандардын тизмеси:

Фамилиясы, Аты Кабыл алган ЖОЖ Кабыл алган мамлекет
1. Алмаз Омурзаков, педагогика Синоп университети Туркия
2.

 

3.

Асыл Абдылдаева,

 

педагогика

Синоп университети Туркия
Жазгул Рахат к,

 

педагогика

Синоп университети Туркия

С.Нааматов атындагы Нарын Мамлекеттик Университетинин Эл аралык байланыштар бөлүмү 2015- жылдын 23-мартында АКШнын Кент Университетинин профессору менен жолугушууну уюштурду. Жолугушуунун максаты-НМУну эл аралык аккредитациядан өткөруугө даярдык көрүү болду. НМУнун ректору профессор Д.К.Өмүралиева тарабынан Кент Университетинин (АКШ) профессору Марта Мерил 2016-жылдын жаз айларына чакыруу алды.

Mevlyana

Үстүбүздөгү жылдын 18-19 майларында Кара-Кол шаарынан WodenTeachout Фулбрайт программасы боюнча изилдөөчу келип «Successful strategies for research and technology use» темасына семинар өттү. Семинардын максаты гранттык программаларды издөө жана ага тапшыруунун кадамдары, документ толтуруу, илимий планды жазуу болду. Семинарга катышкан мугалимдер жана студенттер өтүлгөн семинарга ыраазы болушту.

Mevlyana.jpg2

Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн чакыруусу менен 26-майда Австриядагы Вена Университетинен тарыхчы, изилдөөчү Рейнер Фельдбахер мырза келди. Максаты Рейнер мырза “Чыгыш менен Батыштын ортосундагы Улуу Жибек Жолунун этнологиялык жана диний, тарыхый изилдөөлөрү – соода-сатык, калкы жана дини” темасында кылып жаткан изилдөөсү болду. Ушул тема боюнча Рейнер мырза эки күн бою НМУнун тарых факультетинин студенттери жана мугалимдерине арналган лекциясын окуду. Семинардын аягында мумкун болгон проекттер талкууланды.

Mevlyana.jpg3 Mevlyana.jpg4

2015-жылдын 18-сентябрында Нарын МамлекеттикУниверситетинин Педагогика факультетинин корпусунда Вайенштефан-Триздорф, ДААД  жана Лого программалары боюнча презентация өтүлдү.

Презентацияга Экология, Ветеринария, Экономика жана Бухгалтерия факультеттеринин студенттери болуп баш аягы 50гө жакын студенттер катышышты.

Вайенштефан-Триздорф жана ДААД  программалары боюнча Айсалкын Ажыбаева Вайенштефан Триздорф программасынын бутуруучусу жана DEULA программасынын бутуруучусу Кубан Акматов презентация кылып студенттердин суроолоруна жооп беришти.

даад даад.jpg3

  • 6- октябрда Бишкек шаарында ЛОГО программасы уюштурган экзаменге НАЭКтин 3 студенти катышып 1-турунан өтүп 2-туру январь айында Skype аркылуу өтмөкчү.

ДААД программасы Нарында

С.Нааматов атындагы Нарын Мамлекеттик Университетинде 16- октябрь 2015-жылы башкы корпуста эл аралык байланыштар бөлүмү тарабынан уюштурулган ДААД программасынын презентациясы болуп өттү.  Бишкектен келген ДААД өкүлдөрү Анн-Катрин Браунмиллер айым жана Филипп мырза презентация кылышты.

Баш аягы бул иш- чарага 60 ка жакын студенттер, анын ичинде магистранттар, аспиранттар, доценттер, филология, экономика факультеттеринин жана агрардык колледждин студенттери катышышты. Презентация убагында студенттер кызыккан суроолорун берип толук жооп алышты.

Ошол эле күнү «Sommer Schule» (жайкы мектеп) программасына: 1туру- OnDaF экзамени алынып ага 20га жакын студенттерибиз катышып ,2-туруна (Эссе жазуу) 5 студентибиз өттү. Алардын жыйынтыктары бир жума аралыгында чыгып келмекчи жана экзаменден өткөн студент 2016-жылдын жай айында бир айга Германияга барып тил уйрөнуу мумкунчулугун алат.

даад.jpg4даад.jpg5

  • 22-23 октябрында профессор Д.К.Өмүралиева Армения, Ереван шаарына Ректорлордун конференциясына барып Армениянын Улуттук Агрардык Университети менен 5 жылдык келишим түзүп келди.
  • 27-октябрында GeTec-Solution программасы менен НМУ (айыл чарбасында окуган англис жана немис тилин билген  студенттер үчүн 6-12 айлык практика) ортосунда келишим түзүлдү. 20 –ноябрь күнү Skype аркылуу биринчи экзамен болуп өттү (4 студент катышып 1 студент өттү)

Америка элчилиги иш сапары менен Университетибизде

2015- жылдын  20- ноябрында  Америка элчилигинин өкүлү Тревор Олсон С.Нааматов атындагы Нарын Мамлекеттик Университетине иш- сапары менен келип кетти.

Иш сапар мезгилинде,Америка элчилигинин өкүлдөру НМУнун ректору, профессор Дамира Өмүралиева менен жолугушуп Университетибиздин келечектеги мүмкүн болгон кызматташтыгын өнүктүрүү  жөнүндө талкуу болду.

даад.jpg6

Андан сырткары филология факультетинин Англис тил кафедрасынын студенттери менен жолугушуп эл аралык программалар жана студенттер үчүн мүмкүн болгон проекттер жана стипендиялар боюнча маалымат берип студенттерди кызыктырган суроолорго жооп беришти.

даад.jpg7

Ошону менен бирге, НМУнун англис тил мугалими Жапарова Каныкей Бегалиевнага Америкадагы Орегон университетинин “Critical Thinking in Language Learning und Teaching” он-лайн курсун ийгиликтүү аяктаганын тастыктаган сертификатты Травер Олсон өз колу менен тапшырды.

каныкей

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына чейин 22 келишим менен иштеп келсек, акыркы 2 ай ичинде (октябрь-ноябрь) 5 жаңы келишимге кол коюлду.

Бүгүнкү күнгө чейин Университетибиздин башка Университеттер, проекттер жана программалар менен түзгөн келишимдин жалпы саны -27.

Dear MA Students and PhD scholars of NSU,

We are announcing a call for study abroad in the framework of Erasmus+ projects. So far we need MA and PhD students. The documents we need for the competition are the followings: 1) Declaration of Interest. 2)Transcript of records at the time of applying: this is an official list certified by the home Institution of …

Смотреть страницу »

Жарыя

Международная летняя школа «Firms in society» для студентов Ош мамлекеттик университетиндеги мобилдүүлүккө чакыруу Dear MA Students and PhD scholars of NSU Учебные курсы для кыргызстанцев в Индии! (полная оплата расходов) Стипендиальная программа правительства Швейцарии Announcement Republic of Turkey, SINOP university стипендиальные программы  

Смотреть страницу »

Иш чаралары

Визит представителей Enactus Kyrgyzstan Визит директора Корпуса Мира в Кыргызстане Боба Гловера в Нарынский государственный университет имени С.Нааматова Официальный визит атташе господина Вольфган Эмингер. 18 октября 2017 года в НГУ имени С. Нааматова состоялась презентация стипендиальных программ DAAD  Делегация ТюркПА из Азербайджана 28 июня 2017 года прошла встреча делегации из Высшей школы экономики (Москва, Российская …

Смотреть страницу »

Окутуучулар стажировкада

Старший преподаватель кафедры «Языков» Иманалиева Жылдыз Доктор экономических наук, и.о. профессора Бекбоева М.А. Старший преподаватель кафедры «Финансы и менеджмент» Сарбагышова Айгуль Эсеновна

Смотреть страницу »

Advanced Programme in Law and Economics

PDF

Смотреть страницу »

Announcement

2017 Announcement For student …

Смотреть страницу »

ERASMUS + Mobility

www.facebook.com/mobileplusuporto http://mobileplus.up.pt

Смотреть страницу »

INDIAGA programma

ITEC programm

Смотреть страницу »

Republic of Turkey, SINOP university

SİNOP ÜNİVERSİTESİ 2016 – 2017 EĞİTİM – ÖĞRETİM YILI ULUSLARARASI ÖĞRENCİ BAŞVURU, KAYIT–KABUL DUYURUSU REPUBLIC of TURKEY  SINOP UNIVERSITY 2016 – 2017 ACADEMIC YEAR ANNOUNCEMENT FOR INTERNATIONAL STUDENT APPLICATION, ADMISSION AND REGISTRATION Faculties and Institutes of Sinop University SINOP UNIVERSITY ايــكرت ةيروـــهمج بونيس ةـعماج

Смотреть страницу »

UNIVERSITY OF PORTO

University of Porto, 6-7 October 2016    3rd EUA Funding Forum   “Efficient universities: Value for society”    

Смотреть страницу »

Договор о сотрудничестве ОшГУ

Согласно «Договору о сотрудничестве по программам академической мобильности между Ошским государственным университетом и Нарынским государственным университетом им. С. Нааматова в рамках Ошской декларации» от 21 мая 2016 года, объявляется программа обмена студентами бакалавриата (желательно студенты 2,3 курсов) и магистрантами (студенты 1 курса) сроком обучения на один семестр. Все желающим необходимо заполнить анкету, прилагающийся ниже. Дополнительную информацию (название направлений) вы можете найти на сайте www.oshsu.kg. anketa О …

Смотреть страницу »

Практика за рубежом

Стажировка и учеба в Германии Магистратура в Германии Практика в Германии Практика и учеба в Германии

Смотреть страницу »

стипендиальные программы

          Уважаемые преподаватели и студенты Нарынского Государственного Университета имени С. Нааматова с целью развития международного сотрудничества Правительство Индии в 2016-2017 учебные годы объявляет набор для желающих подать заявку на стипендиальные программы:             Under-graduate                                                                           Research students               Post-graduate                                                                                Ph. Degree   Программа ICCR рассчитана как на тех, кто собирается учиться или проводить …

Смотреть страницу »