↑ Вернуться: Биздин университет

Илимий китепкана

Илимий китепкана — окуу — тарбия процессин жана илимий изилдѳѳлѳрдү документтер, маалымат менен камсыз кылган НМУнун структуралык бѳлүнүшү. Ошондой эле билимди таратуучу, руханий жана интеллектуалдык баарлашуу, маданият борбору болуп саналат.
Максаты:
Окурмандар үчүн маалыматтык кызмат кѳрсѳтүүнү жакшыртуу, маалыматтык ресурстардын ассортиментин кеңейтүү жана мазмунун байытуу, алардын билим, илим, маданий жана башка маалыматка болгон муктаждыгын толугу менен канааттандыруу.
С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин илимий китепканасы 1996-жылдын 22-майында Нарын айыл чарба техникумунун базасында ачылган. 20 400 нуска китеп фонду менен бир китепканачы иштеген.
Китепкананын аталышы 1999-жылы сентябрь айында «илимий китепкана» деп ѳзгѳргѳн. С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин 27-июнь, 2016-жылдагы чечими менен С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин 20 жылдык мааракесине карата НМУнун илимий китепканасына акын, журналист, юрист Жедигер Саалаевдин ысымы ыйгарылды. Китепкананын ишин башка структуралык түзүмдѳр менен кооординациялоо жана китепканалык тейлѳѳнү жакшыртуу максатында НМУ да Китепканалык Кеңеш түзүлгѳн.
Илимий китепкана:
1.Студенттерди, аспиранттарды, докторант, илимий кызматкерлерди, окутуучуларды, университеттин башка кызматкерлерин алардын маалыматтык суроосуна карата фондуга кеңири жол берүүнүн негизинде, оперативдүү китепканалык жана маалыматтык — библиографиялык тейлѳѳ менен камсыз кылат.
2. Университеттин профилине, билим программаларына жана окурмандардын маалыматтык муктаждыгына жараша китепканалык фондуну түзүп, толуктайт.
3. Справкалык-издѳѳ аппаратын: каталог, картотека, маалымат-базаларын уюштурууну жүзѳгѳ ашырат.
4. Университеттин тарбиялык, гумманитардык-агартуу ишмердүүлүгүнѳ катышат.
5. Китепканалык-маалыматтык маданиятты калыптандырууда, маалыматты издѳѳдѳ окурмандарды заманбап ыкмаларга үйрѳтүүнү уюштурат.
6. Заманбап технологияларды киргизүүнүн негизинде жана китепканалык-маалыматтык процесстерди компьютерлештирүү менен китепкана ишин ѳркүндѳтѳт.
7. Китепканалык жана маалыматтык- библиографиялык тейлѳѳнүн суроолору боюнча усулдук иштерди жана илимий изилдѳѳлѳрдү жүргүзѳт.
• 2 окуу зал;
• 1 электрондук зал;
• 2 абонемент;
• 3 китеп сактоочу жайдан турат.

Негизги контролдук кѳрсѳткүчтѳр:

Кѳрсѳткүчтѳр 2015-жыл 2016- жыл
1 Окурмандын саны 3021 2648
2 Окурмандын катышы 76 639 70714
3 Китептин берилиши 117 892 65088

Жалпы китеп фонду

Фонд Нускасы Баасы сом менен Аталышы
1 Жалпы китеп фонду 92 847 4 815711 31 540
2 Электрондук китептердин саны 2437
3 Электрондук каталог (ИРБИС-64) 79248 19315
2015-2016 жылдарга алынган мезгилдүү басылмалар.

Жылы Канча аталыштагы Нуска Баасы
1 2015-жылга 40 58 88156 c
2 2016-жылга 26 35 94181 c
3 Бардыгы 182337 с

Илимий китепканага 2016-жылы келип түшкөн адабияттар

Кайдан келди Нуска Баасы которуу накталай Акысыз түрдө
1 “Сильва” билим борбору 427 200 000 200 000 c
2 Кыргыз китеп палатасы 400 55115 55115
3 “Глобальное партнерство в образовании” проектиси 36 3632 3632
4 Жеке автордон, белекке берилген адабияттар 905 229 270 61080 94060 74130
5 Алмашкан китептер 47 6730 6730
6 НМУнун 20 жылдык юбилейине карата конференция 193 59785 59785
7 Бардыгы 2008 554 622 261 080 94 060 199 392

Белекке берилген адабияттардын саны:-1126
2016-жылы илимий китепкана тѳмѳндѳгү мезгилдүү басылмаларды алат:
— Газеталар:
Кут билим, Кыргыз Туусу, Кыргыз тили, Эркин Тоо, Теңир Тоо, Тил жана маданият, Кут билим сабак, Слово Кырыгзстан;
— Журналдар:
Эл агартуу, Шоокум, Нормативные акты КР, Главный бухгалтер, Русский язык и литература в школах,
Россия журналдары:
— Педагогика, Английский язык.
Китепкана ишин автоматташтыруу максатында 2009-жылдан тартып долбоордун алкагында ИРБИС-64 базасын колдонуп электрондук каталог түзүлүп, бул иш дагы да уланууда. 2009-жылдын ноябрь айынын 2015-жылдын жыйынтыгы менен 17336 аталыштагы 59 792 нуска китептин электрондук каталогу түзүлдү. Мындан 32 583 китеп кире элек. Ирбис-64 программасына жалпы фондунун 65 % окуу процессине керектелүүчү китептер киргизилип электрондук каталог түзүлдү.
Китеп фондусундагы жалгыз экземпляр китептер сканерден өткөрүлүп, толук текстүү электрондук китептер, окутуучулар түзгөн силабустар киргизилип, окурмандардын өз алдынча сабакка даярдануусуна мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.
2006-жылдан бери илимий китепкана ЕВРОсоюздун “Темпус-ТАСИС” гранттык программасынын каржылоосу менен “Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын китепкана тармактарын бириктирүү ”Кирлибнет долбоорун ишке ашырууда Кирлибнет сайтынын ачык архивине университеттин 38 окумуштууларынын 100 дѳн ашык китеби киргизилди. Усулдук колдонмолор автордук келишимдин негизинде жайгаштырылды. 2016-жылга 2059 макала статьялар киргизилген.
Жалгыз нускадагы китептер сканерден 2437 китеп өткөрүлгөн. Системанын китепти окурмандарга берүү модулун ишке ашыруу этабы турат.
Илимий китепкананын окуу залдарында такай туруучу ошондой эле белгилүү даталарга да китеп кѳргѳзмѳлѳр чыгарылып, студенттердин чакан топторуна баяндамалар берилип турат. Жаңы түшкѳн адабияттардын китеп кѳргѳзмѳсү уюштурулуп, мугалимдерге жана студенттерге адистиктер боюнча китептер сунушталып, баяндамалар ѳткѳрүлүп турат.
Жаштарга китепканада руханий, адеп-ахлак жактан тарбия берүүдѳ китепкана кызматкерлери ѳзүнүн ишмердүүлүгүндѳ кѳп багыттарды камтып, иш чараларды ѳткѳрүп турушат. Мисалы – жаштардын толеранттуу аң сезимин калыптандыруу, патриоттук тарбия берүү, кыргыз элинин маданиятынын баалуулуктарына кызыгууларын арттыруу жана башкалар. Демек китепканачылардын аткарган иштеринин мазмуну жаштарды курчап тургандарга аяр мамиле жасоо, жакындарына жардам берүү, боорукердик, чыдамкайлык, жүрүм-турум маданияты жана ушул сыяктууларды камтыйт. Жаштардын маданияттуу, адептүү, ыймандуу ѳсүп ѳнүгүүсүн ойготуу, кѳмѳктѳшүү, максатында китепкана кызматкерлери активдүү иштерди буга чейин алып барышкан жана мындан ары да алардын ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Алар китепкана ишмердүүлүгүнүн жаңы формаларын, ыкмаларын пайдаланышат. Быйыл китепкана жаштарды руханий жактан тарбиялоодо ѳзүнүн иш чараларын тѳмѳнкү багыттарда ѳткѳрүү менен иш планын аныктады.
1. Жарандуулукка, патриоттулукка жана адамдын укуктарын, эркиндиктерин сыйлоого тарбиялоо. Бул иш чаралар негизинен Кыргызстанды, ѳзүнүн элин, жерин, бай маданий-тарыхый жашоосуна, мамлекеттик символикаларды, кыргыз тилин билүүгѳ, урматтосуна багытталган. Китепкана ишинде патриоттулук тарбия берүүдѳ эң негизги максат -жарандын активдүү турмуштук позициясын калыптандыруу, Ата мекенин, ѳзүнүн кичи мекенине болгон суйуусун ойготуу. мекен алдында жоопкерчилигин сезишет өз мекенин сүйүп жана анда жашаган адамдарга урмат көрсөтүүнү үйрөнүшөт.
2. Эмгекти сүйүүгѳ, эмгеккке чыгармачылык мамиле жасооого багытталган иш чаралар.
3. Жаратылышка жана курчап турган айлана-чѳйрѳгѳ аяр мамиле жасоого тарбиялоо.
4. Жаштарда эстетикалык идеал жана сулуулуктун баалуулуктарын калыптандыруу. же болбосо адамдардын жүрүм-турумунан, бизди курчап турган айлана чѳйрѳдѳгү сулуулуктарды кѳрѳ билүүнү кыргыз элинин фольклоруна, этно маданиятына кызыгууну, аларды үйрѳнүүнү камтыйт.
Биздин илимий китепкана бул багыттарда агартуучу, маданий иш чараларды жана библиографиялык тейлѳѳлѳрдү жүргүзѳт. Окуу залдарда китеп кѳргѳзмѳлѳр уюштурулуп бир нече иш чаралар пландалган. Кыргыз Республикасынын улуттук символикалары, Залкар манасчы Сагынбай Орозбаковго-150 жыл «М.Баетовго-115 жыл»- жолугушуу кече, “Жаштар жана шайлоо” тренинг, “Мамлекетибиздин-баш мыйзамы” Конкурс эссе, роликтер. Китептин бет ачарлары
Адептүүлүк ата салты, бабалардын мурасы».«Адам байлыгы ыйман»..«Маданияты жок мамлекет болбойт».. «Манас –дүйнөлүк маданияттын улуу мурасы». деген темаларда баяндамалар окулат. Жаштардын маданий нарктуулук сезимдерин калыптандырууда китепкананын фондусундагы кѳркѳм адабияттарды, китепти окутууну алга жылдыруу да ѳзгѳчѳ мааниге ээ. Албетте жаш муундарды адептүү, ыймандуу, нарктуу сезимдерин калыптандырып тарбиялоонун даяр рецептери жок. Бирок ошентссе да китепкана бул багытта быйылкы эле жылы колго алып кийинки жылы унтта калтырып койбой алмуздактан бери эле бул иштерди ар дайым максаттуу түрдѳ иш чаралар аркылуу жүргүзүп келген десем жаңылышпайм.
Китепкана кандай гана иш аткарбасын, анын негизги максаттарынын бири-бул жаштар арасында китеп окууну алга жылдыруу менен бирге Кыргызстандын азыркы күндѳгү жашоосуна жана тарыхын окуп үйрѳнүсүүнѳ түздѳн түз кѳмѳктѳшүү.

Ж. Саалаев атындагы илимий
китепкананын директору: Г. Кыдыралиева Нарын-2016.
1996- жыл китепкана

«Жаштар жана шайлоо» темасында жаштар арасында тренингдер өтүлдү.

Ж.Саалаев атындагы илимий китепканасы жана «ПАРАЛЛЕЛЬ» Ассоциациясынын коомдук бирикмеси менен биргеликте «Жаштар жана шайлоо» темасында 18,19,20,21-апрелде жаштар арасында тренингдер өтүлдү. Бул жолу Нарын облусунун Кочкор, Ак-Талаа, Ат-Башы райондорунун кесиптик лицейлеринин окуучулары катышты. Эң алгач аларга С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле илимий китепкананын ишмердүүлүгү менен таанышышты. «Жаштар жана шайлоо» …

Смотреть страницу »

Жаңылыктары

Китепканага белек Ж. Саалаев атындагы илимий китепканадагы экскурсиялар. Илимий китепкананын кызматкерлерин куттуктоо Ж.Саалаев атындагы илимий китепканасы жана «ПАРАЛЛЕЛЬ» Ассоциациясынын коомдук бирикмеси менен биргеликте «Жаштар жана шайлоо» темасында 18,19,20,21-апрелде жаштар арасында тренингдер өтүлдү “Муса жашайт кыргыз барда, тарыхта, кылымдардан-кылымдарга” эскерүү кечеси болуп өттү. Тренингдер Ж.И.Саалаев атындагы илимий китепкананын №1 окуу залында 2017-жыдын 22-февралында «2017-жыл — Ыйман, …

Смотреть страницу »

Илимий китепканадагы экскурсиялар

2017 — жылдын 3- 10-октябрына чейин НМУнун Ж.Саалаев атындагы  Илимий китепканасында   экскурсиялар уюштурулду.  Аталган университеттин  Педагогика, Агрардык-техникалык, Экономика, бизнес жана башкаруу, Филология  факультеттеринин, Педагогикалык, Агрардык-экономикалык колледждердин 1-курсунун студенттери катышты. Илимий китепкананын директору Г. Кыдыралиева  экскурсиянын максаты менен тааныштырды. Ошондой эле китепкана тууралуу слайд кѳрсѳтүлүп, китеп фондусунун жайгашуусу,  китепканадан  пайдалануу жана систематикалык алфавиттик каталогдорду колдонуу эрежелери …

Смотреть страницу »

Маалыматтары

илимий  китепкананын  жүргүзгөн  иштерин толуктоо  үчүн  маалымат Ар  кандай китеп дүкөндөрүнөн, басмаканалардан, билим борборлорунан жылдын аягына чейин 320 000 сомго китеп алууга келишим түзгөнбүз. Бүгүнкү күндө  15-ноябрьга чейин булардан суммасы  197035 сомду түзгөн 1626 нуска китеп алынды. Бул китептер бөлүмдүн суммардык каттоо китебине кириштелип, инвентарь номер коюлуп, китепкананын атайын таблицасы менен анализденип  иштелгенден кийин «ИРБИС» программасына …

Смотреть страницу »