Абитуриентке

Урматтуу абитуриент!

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети – тездик менен өнүгүп келе жаткан жаш окуу жайлардын бири. Университет түзүлгөндөн бери жыйырма жылга жетпеген убакыт өтсө да, ушул кыска убакыттын ичинде Нарын университети өлкөбүздөгү жогорку окуу жайлардын ичинде өзүнүн татыктуу ордун элей алды. Университеттин бардык ишмердиги жаш улан-кыздарга татыктуу билим берүү, аларды азыркы замандын талаптарына толук ылайык келген кесипкөй адис кылып даярдоого багытталган. Биздин бүтүрүүчүлөрүбүз Кыргызстандын бардык булуӊ-бурчтарында гана эмес, Россияда, Казакстанда, Европа өлкөлөрүндө жана Америкада өз кесиби боюнча ийгиликтүү иштеп жатышат. Нарын университетинде окутуунун жаӊы, натыйжалуу технологияларын, жаӊы маалыматтык технологияларды колдонууга чоӊ басым жасалат. Студенттердин билим алуусуна, жашоосуна, активдүү эс алуусуна бардык ыӊгайлуу шарттар түзүлгөн.

Биздин максатыбыз – Сиздин ишенимдүү келечегиӊизди, Сиздин ийгиликтүү жашооӊузду камсыз кылуу.

 

Университетте окуу процесси окутуунун кредиттик технологиясы боюнча модулдук-рейтингдик система менен жүргүзүлөт. Интернетке туташылган 11 компьютердик класс, лингафондук кабинет, “Сорос-Кыргызстан” фондунун алкагындагы “Кадам артынан кадам” программасынын аудио-видео борбору студенттерге кызмат көрсөтөт.

Окуу жайда жогорку квалификациялуу окутуучулар эмгектенишет, илимдин беш доктору жана 46 кандидаты студенттерге өз билимдерин беришет. Окутуучулардын 37%ы окумуштуулук даражага ээ. Университетте илимий изилдөөлөр жакшы жолго коюлган, жыл сайын бир нече республикалык жана эл аралык илимий конференциялар өткөрүлүп турат.

Нарын университетинде эл аралык байланыштар мыкты өнүккөн. Азыркы учурда Нарын мамлекеттик университети тогуз эл аралык долбоорго катышып, студенттерди алмашуу жана кызматташтык программалары боюнча иш жүргүзүүдө. Биздин көптөгөн студенттерибиз эл аралык программалар боюнча Европа, Америка, Кытай, Корея сыяктуу өлкөлөргө жарым жылдык жана бир жылдык окууга барып келип жатышат. Студенттерибиздин эл аралык программаларга катышуу мүмкүндүгүн жогорулатуу үчүн алты эл аралык борбор (Америка таануу борбору, Кытай тили борбору, Түрк тили жана маданияты борбору, Араб тили жана маданияты борбору, Корей борбору, Немец тили борбору) чет тилдерди акысыз окутушат. Бүгүнкү күндө Америкадан, Германиядан, Кытайдан, Кореядан келген волонтерлор тилди алып жүрүүчү катары өз тилдерин студенттерибизге үйрөтүүдө.

Окуу жайдын алдында материалдык-техникалык базасы талапка жооп берген ири Илимий китепкана бар. Китепкананын фонду 100 миӊден ашык нускадагы китеп, окуу китептери, 65 аталыштагы илимий журналдар менен камсыз болгон. Электрондук китепканадан окуу китептеринин электрондук версияларын, аудио-видео материал-дарды табууга болот. Окуу корпустарында студенттер үчүн талапка ылайык лабораториялар, кабинеттер иштейт. Студенттердин өзүн-өзү башкаруусун уюштуруу жана чыгармачылыгын өнүктүрүү максатында 2000-жылы «НМУнун жаштар жана студенттер союзу» түзүлгөн. Маданий-массалык иштерди уюштурууда демилгелүүлүгүн жана активдүүлүгүн көрсөткөн жаштар уюму алгылыктуу иштери үчүн эки жолу Нарын облусунун эӊ мыкты жаштар уюму деп табылган.

 

“Алмаз-Нарын” радиосу 2013-жылдын жыйынтыгы менен НМУга “Жылдын эӊ мыкты окуу жайы” наамын ыйгарган.

Ал эми 2014-жылы “Эркин Тоо” гезитинде өткөрүлгөн ачык сынактын жыйынтыгы менен Нарын мамлекеттик университетинин ректору Өмүралиева Д.К. “Жылдын эӊ мыкты ректор” номинациясын жеӊип алган.

НМУнун “Физика-математикалык билим берүү” кафедрасы Россиянын табият таануу академиясынын 2015-жылдын февраль айындагы чечими менен “Россиянын алтын кафедрасы” наамына татыктуу болгон.

Нарын университетинин спортчулары да бир кыйла ийгиликтерди жаратып келишет. Мисалы, НМУнун баскетбол командасы 2015-жылдын апрель айында өткөн универсиадада 1-орунга татыктуу болсо, НМУнун алдындагы педагогикалык колледждин окутуучусу Толгонай Шааева Ысык-Көлдө өткөн эл аралык марафондо 1-орунду жеӊип алган.

 

2019-жылдын кабыл алуу планы (бюджет)

Бюджеттик негизде окуу учун орундардын саны (ЖРТ боюнча)   Адистик Кабыл алуу планы Информатика жана эсептөөчү техника (бакалавр) 10 Педагогика (бакалавр) 15 Филологиялык билим берүү (бакалавр) 20 Айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы (бакалавр) 10 Электроэнергетика жана электротехника (бакалавр) 10 I, II топтогу майыптар, жеңилдик жана кепилдиги боюнча согуштун катышуучулары жана согуштун майыптарына тең келген жарандар, …

Смотреть страницу »

2019-жылдын кабыл алуу планы (контракт)

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин 2019-2020-окуу жылына карата контракттык негизде абитуриенттерди кабыл алуу планы Күндүзгү окутуу формасы Багыттын коду Багыттын аталышы Лицензиянын номуру Лицензиянын жарамдуулук мөөнөтү Чектик контингент Иш жүзүндөгү контингент Пландалган орундардын саны 1 2 3 4 5 6 7 520200 Физика-математикалык билимберүү LD170000967, 6-тиркеме чектелбеген 300 37 50 550300 Филологиялык билим берүү …

Смотреть страницу »

3-турга ваканттык орундар

КОНТРАКТ   №   Адистик 3-турга ваканттык орундар 1 Физика-математикалык билимберүү 46 2 Филологиялык билим берүү 64 3 Электр энергетикасы жана электртехникасы 50 4 Социалдык-экономикалык билим берүү 48 5 Табигый илимдик билим берүү 50 6 Педагогика 70 7 Экономика 74 8 Көркөм билим берүү: Сүрөт искусствосу 75 9 Информатика жана эсептөөчү техника 24 10 Колдонмо информатика …

Смотреть страницу »

Абитуриент 2019-2020-окуу жылы

                                   Урматтуу абитуриент!!! Сиздин эң бир татаал жана маанилүү кадам — кесип тандоо процесси турат. Кесип тандоодо үч факторду эске алыңыз: а) келечектеги кесибиңиз Сиздин жөндөмүңүзгө, шыгыңызга жана ички каалооңузга төп келиши абзел; б) университетти аяктагандан кийин кесибиңиз боюнча жумуш орун менен камсыз болуунун …

Смотреть страницу »

Кабыл алуу планы

Кабыл алуу планы

Смотреть страницу »

Кабыл алуунун тартиби жана жалпы жоболор

Кабыл алуу тартиби

Смотреть страницу »

НМУнун айрым адистиктерине ЖРТ жыйынтыктарын эске албастан кабыл алуунун графиги

1. “Көркөм билим берүү” адистиги   8—июль – 24-июль Биринчи тур 8-июль – 22-июль Документтерди кабыл алуу 23-июль, 9.00 Кабыл алуу сынактары 24-июль, 10.00гө чейин Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси илинет 24-июль – 17- август Экинчи тур 24-июль – 15-август Документтерди кабыл алуу 16-август, 9.00 Кабыл алуу сынактары 17-август, 10.00гө чейин Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин …

Смотреть страницу »

Окуу үчүн төлөм

Контракт

Смотреть страницу »