Кытай тили жана маданияты борбору

Илим менен билимге көпүрө- тил

Борбор 2007−2008 окуу жылында түзүлүп, үзүрлүү эмгектенип жатат. Аталган борбор Ж. Баласагын атындагы КУУнун алдында түзүлгөн Конфуций институту менен кызматташтыкта иштеп келет.

Борбордун негизги максаты:Нарын шаарынын жаштарын кытай тили жана маданияты, тарыхы менен жакындан тааныштыруу, студенттер үчүн эң жакшы шарттарды түзүү менен келечекте заманбап, атаандаштыкка жөндөмдүү мыкты адистерди даярдап чыгаруу.

Кытай тили жана маданияты борбору Кытайдагы Синьжан Педагогикалык Университети менен тыгыз байланышта болуп, окутуучулар жана студенттер ар жылы бул университетке билимдерин жогорулатууга барып турушат.