Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы

Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан!

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы 1996-жылы сентябрь айында уюштурулган. Ал кезде тилдер кафедрасы деп аталып, университеттеги негизги кафедралардын бири болуп кайра түзүлгөн. Андан бери бир нече жолу кайра түзүлүп, ар башка аталыштарды алып иштеп келген. Кийинчерээк бул кафедрадан: «Кыргыз адабияты жана окутуунун методикасы, англис тили жана адабияты, орус тили жана адабияты» кафедралары өз алдынча кафедралар болуп бөлүнүп чыкты. 2006−2007-окуу жылынан баштап «Кыргыз адабияты жана аны окутуунун методикасы, кыргыз тили жана аны окутуунун методикасы» кафедралары биригип, кыргыз тили жана адабияты кафедрасы түзүлгөн. 2009−2010- окуу жылында «Орус тили жана адабияты» кафедрасы кошулуп, тилдик дисциплиналар кафедрасы деп аталган.

Кафедра башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Аман кызы Бакытгүл

Кафедрага тиешелүү борборлор:

С. Нааматов атындагы НМУнун жана Түркия Республикасынын өкмөт башчылыгына караштуу Түрк кызматташтыгы координациялоо агенттигинин демилгеси менен 2006-жылдын ноябрь айында ачылган. ТИКА түрк тили жана маданияты борбору түрк жергеси, эли, маданияты жөнүндө маалымат берген ар кыл иш чараларды жүргүзүлүп келүү менен бирге Кыргызстандын расмий майрамдарын жигердүү өткөрүп келет. Борбордо окууну каалагандардын саны жыл сайын көбөйүүдө.

Борбордун кызматтары:

  • Түрк тилин акысыз үйрөтүү;
  • Ар жуманын ишемби күндөрү эркек балдар арасында футбол ойнотуу;
  • Ар жумада окуучуларга акысыз түрк кино тасмаларын көрсөтүү;
  • Студенттерди Түркиядагы университеттерге акысыз билим алууга жөнөтүү;
  • Түрк тилинде ырлар жана көркөм окуулар боюнча иш-чаралар өткөрүү;
  • Улуттук түрк бийлери ансамблин уюштуруу;
  • Түркияга Кыргызстандын баардык дубандарына жана Бишкек шаарына саякаттарды, пикниктерди уюштуу.

Борбор 2008-жылы Ч. Айтматовдун 80 жылдык мааракесине карата ачылып, ага НМУнун жаштар жана студенттер союзунун көмөгү менен капиталдык ремонттор жасалган. 2008-жылдын сентябрына карата борбор окуу процессин натыйжалуу жүргүзүү үчүн зарыл жана керектүү эмеректер менен камсыздалган. Азыр анда үзгүлтүксүз лекциялар практикалык сабактар өтүлүп турат. Сабактардан тышкары борбордо жылы бою студенттерге багышталган ар түрдүү иш-чаралар: тренингдер, семинарлар, адабий кечелер, викториналар, дебаттар, жолугушуулар өткөрүлөт. Мамлекеттик тилде жарык көргөн илимий эмгектердин, көркөм адабияттардын бет ачарлары өткөрүлүп турат.

Усулкана 2018-жылдын 14-мартында ачылган. Филология илимдеринин доктору, профессор Таалай Токоевдин өздүк китепкана фондун үй-бүлөсү С. Нааматов атындагы НМУнун илимий китепканасына белек кылуунун негизинде уюштурулган. Окумуштуунун өздүк китепканасындагы 2000ге жакын илимий- теориялык жана көркөм адабияттарды студенттер курстук жана дипломдук иштерин аткарууда кенен пайдалана алышат. Ошондой эле адистикке тиешелүү сабактардан студенттер өз алдынча иштерин (СӨИлерин) даярдоодо усулканадагы адабияттарды каалаган убакка чейин колдоно алышат.