Бектемирова Айнагүл Кашкарбаевна


img_6382-%d0%ba%d0%be%d0%bf%d0%b8%d1%8fтарых, философия жана социалдык-экономикалык билим берүү кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу, тарых илимдеринин кандидаты

Дареги: Кыргыз Республикасы, Нарын ш., Ленин көчөсү, 97 а. кв. 26.

Эл. почта: aina_bektemirova@mail.ru

Туулган жылы жана жери: 10.03. 1961, Нарын облусу, Нарын району, Дөбөлү айылы.

Билими: 1986-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. Адистиги — тарыхчы, тарых жана коом таануу окутуучусу. 2010-жылы тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ болгон. Диссертациясын 2009-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институтунун жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин алдында тарых илимдеринин доктору (кандидаты) диссертацияларды коргоочу Д. 07.09.390 диссертациялык кенешинин жыйынында коргогон. 2012- жылы 27-ноябрда «Тарых» адистиги боюнча доцент окумуштуулук наамы ыйгарылган. 2016-жылы тарых, философия жана социалдык-экономикалык билим берүү кафедрасынын профессордун милдетин аткаруучу кызматына которулган.

Иш тажрыйбасы:

1978−1979-жылдар — Тянь-Шань районундагы Ленин атындагы орто мектептин улуу пионер вожатыйы;

1979−1985-жылдар — СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университети.

1985−1986-жылдар — Фрунзе шаарындагы «ФПШО 1 май» фабрикасында комсомол уюмунун сектор башчысы;

1986−1990-жылдар - Нарын шаарындагы Ленин атындагы орто мектебинде тарбиячы;

1990−1999-жылдар — Нарын шаарындагы орто мектептерде тарых мугалими;

1999−2001-жылдар — Нарын облустук жарандык коргоону штабынын окутуучусу;

2001−2003-жылдар — НМУнун юридикалык факультетинин ага лаборанты;

2003−2005-жылдар — НМУнун тарых факультетинин методисти;

2005−2009-жылдар — НМУнун тарых жана философия кафедрасынын окутуучусу жана ага окутуучусу;

2009−2010-жылдар — НМУнун Тил илими факультетинин факультеттер аралык дисциплиналар кафедрасынын башчысы;

2010−2014-жылдар — С. Нааматов атындагы НМУнун Окумуштуулар кеңешинин окумуштуу катчысы.

2010−2016-жылдар — НМУнун тарых, философия жана социалдык-экономикалык билим берүү кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты.

2016-жылдын сентябрынан баштап тарых, философия жана социалдык-экономикалык билим берүү кафедрасынын профессордун милдетин аткаруучу, тарых илимдеринин кандидаты.

Сыйлыктары: 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлигинин Ардак грамотасы, 2006-жылы Кыргыз республикасынын Билим жана илим министрлигинин жана жаш окумуштуулар кеңешинин Ардак грамотасы, 2011-жылы «Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги» төш белгиси менен сыйланган. «Education Network» Билим берүү мекемелеринин ассоциациясы жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган «Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары үчүн компетенттүүлүк мамиленин негизинде түзүлгөн билим берүү программаларынын эң мыкты инновациялык окуу-методикалык комплекси» сынагынын жеңүүчүсү болуп, «Байыркы Грециянын жана Римдин тарыхы» окуу-методикалык комплекси үчүн диплом жана баалуу сыйлыктар менен сыйланган. C. Нааматов атындагы НМУнун «Эң мыкты окумуштуу» номинациясындагы сыйлыктын ээси (2013-жыл). C. Нааматов атындагы НМУнун «Мыкты илимий жетекчи», «Мыкты окутуучу» номинациясындагы сыйлыктардын ээси. (2014, 2015-ж.). Нарын облусунун «Ардактуу айымы» (2015-ж.). Кыргыз Ресупубликасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак Грамотасы (2016-ж.). Нарын мамлекеттик облустук тарых-этнографиялык музейи тарабынан «Ыраазычылык кат» (2016-ж.).

Негизги эмгектери: Бардыгы 50 жарыяланган эмгеги бар, анын ичинен 7 — Кыргыз Респбуликасынын Билим берүү жана илим министрлигин уруксаты менен 2 окуу куралы, 1 монография, 2 электрондук-окуу методикалык комплекси, 2 окуу китеби жарык көргөн.

Иш стажысы: Жалпы 37 жыл, адистиги боюнча 32, анын ичинен жогорку окуу жайында 15.

Илимий иштеринин тизмеси

Илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүк.

Бүгүнкү күндө «Кыргыз Республикасында мал чарбачылыгынын абалы (1991−2017-жж.)» деген темада докторлук диссертациясы бекитилип, изилдөөчүлүк ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.

Квалификацияны жогорулатуу. 2007-жылы НМУда уюштурган «Толеранттуулукту тарбиялоодо билим берүүнүн ролу» семинары, НМУ 2007-жылы Нарында уюштурган «Стратегиялык пландаштыруу» («Стратегическое планирование») семинары; 2007-жылы Нарында уюштурулган «Студенттердин өз алдынча иштөөсүн уюштуруу» («Организация самостоятельной работы студентов») семинары; Ага Хан фонду 2008-жылы Нарында уюштурган «Салттар жана өзгөрүүлөр» («Традиции и изменения»), «Жарандык коомду аныктоо» («Определение гражданского общества»), «Адамдын табияты тууралуу дискуссиялар» («Дискуссии о человеческой природе»), «Жарандык адилеттүүлүктү издөө» («Поиск гражданской справедливости») семинарлары. Мындан сырткары 2009-жылы Жогорку билим берүү академиясы уюштурган «TeachEx», 2010-жылы «Тренер үчүн тренинг» жана «Жогорку окуу жайларында окутуунун технологиялары жана методдору» («Технологии и методы обучения в высшем образовании») семинарлары. 2016-жылы «Педагогикалык компетентүүлүк. Билим берүүнүн сапатын жакшыртууну башкаруунун жолдору жана мехнизмдери» темасындагы кесиптик билимин жогорулатуу курсу.

Тилдерди билүүсү: Кыргыз, орус тилдеринде эркин сүйлөй алат.

Компьютердик сабаттуулугу: MS Word, Excel.

Кошумча маалыматтар:

1.Нарын облусунда жайгашкан тарыхый эстеликтерди коргоого жана сактоо маселелерине жигердүү катышып келет. Анын жетекчилиги менен бир нече археологиялык табылгалар К. Мамбеталиев атындагы Нарын мамлекеттик облустук тарыхый-этнографиялык музейге өткөрүлгөн: Кеңеш айылынан табылган археологиялык табылгалар: Сандыкча буту менен. (XI кылым, Караханийлер доору.), жаргылчак, ийиктин башы, босого таш, чопо идиштин сыныктары ж.б. Ат-Башы району Калмак-Таш жайлоосу, жебе (б.з.ч VI -III кылымдар. Сак доору). Нарын району Жерге-Тал айылы. Орто кылымга таандык таш. Ат-Башы району (кишен XIX.) ж.б.

2.Нарын облустук сыналгыдан Кыргызстандын тарыхындагы белгилүү жана тарыхый инсандар боюнча бир нече жолу сүйлөп чыккан (Барсбек ажо, Чыңгыз хан, Темирлан, Ормон хан, Тайлак баатыр, Осмон датка, Ажыбек баатыр ж.б.). Нарын регионунда жайгашкан тарыхый эстеликтердин абалы жөнүндө чыгып сүйлөгөн.

3.2011−2016-жылдар аралыгында С. Нааматов атындагы НМУнун тарых адистигинин студенттеринин Нарын шаарындагы жайгашкан Айгыржал I, II көрүстөнүнө археологиялык илимий-изилдөө иштерине катыштырып, жетекчилик кылып келет.

  1. Студенттерди ар кыл темада өткөн конференцияларга катыштырып, илимий изилдөө иштерине жетекчилик кылып келүүдө. Анын жетекчилиги менен Педагогика факультетинин СЭО-13 группасынын студенттери Абдылдаев А., Нарынбек кызы Мээрим АУЦАда «Исследуя новые земли и перспективы в Кыргызстане и за его пределами» деген темада өткөн конференцияда «Нарын облусундагы археологиялык илимий-изилдөө иштери жана тарыхый эстеликтерди сактоо проблемалары» деген темада баяндама жасап, биринчи орунга татыктуу болушкан.
  2. Газеталарга жарыяланган макалалары: «Топоз баккан тоолуктарга пайда алып келет» Агропресс, 2007, Теңир-Тоо газетасына 2009−2014-жылдарда чыккан макалалары: «Манап бий», «С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети: сандан сапатка карай», «Теңиртоолук залкар илимпоз», «7-апрель Нарындан башталганбы? Ооба Нарындан башталган», «Археологиялык табылгалар. Коргой да, сактай да билели».

img_1252 20141017_173200