








2026-жылдын 12-июнунда М. Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык академиялык драма театрында «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» улуттук программасынын алкагында эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Илимий иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына, ошондой эле Нарын облусунун, Нарын шаарынын жана Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор райондорунун ардактуу атуулу, С. Нааматов атындагы НМУнун ардактуу профессору, академик Абдылдажан Амантурович Акматалиевдин 70 жылдык мааракесине арналды.
Конференциянын жүрүшүндө академик А. Акматалиевдин өмүр жолу, илимий жана чыгармачылык мурасы, Чыңгыз Айтматовдун көркөм дүйнөсү, кыргыз адабияты, «Манас» эпосу, фольклор, тил, маданий код жана улуттук руханий баалуулуктар боюнча мазмундуу баяндамалар жасалды.
Иш-чаранын алкагында «Окумуштуунун мурасы — элдин байлыгы» аттуу китеп жана сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, «А. Акматалиев — Айтматов таануучу» даректүү тасмасы көрсөтүлдү. Пленардык жыйындарда жана секциялык талкууларда Кыргызстан менен Казакстандан келген окумуштуулар, изилдөөчүлөр, окутуучулар, аспиранттар жана магистранттар өздөрүнүн илимий эмгектерин сунушташты. Ошондой эле конференциянын конок меймандарына академик Абдылдажан Акматалиев китеп белек кылды.
Бул конференция адабий мурасты сактоого, көркөм сөздүн күчүн даңазалоого, илимий байланыштарды бекемдөөгө жана улуттук руханий баалуулуктарды кийинки муундарга жеткирүүгө багытталган маанилүү аянтча болду.
Академик Абдылдажан Акматалиевге чың ден соолук, узак өмүр жана илим жолунда жаңы чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!
