





2026-жылдын 9-июнь күнү С. Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институтунун башкы корпусунда бүтүрүүчүлөргө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Салтанатта окуу жайдын окутуучулары жана мугалимдери бүтүрүүчүлөрдү окуу жайды ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, алардын келечектеги кесиптик жолуна ийгиликтерди каалашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө мыкты жетишкендиктери, активдүүлүгү жана коомдук иштерге кошкон салымы үчүн бүтүрүүчүлөр ардак грамоталар жана атайын номинациялар менен сыйланышты.
Бул күн бүтүрүүчүлөр үчүн гана эмес, жалпы окуу жайдын жамааты үчүн да өзгөчө мааниге ээ болду. Салтанат жылуу маанайда жана жогорку деңгээлде өттү.
Урматтуу бүтүрүүчүлөр, алган билимиңиздер келечегиңиздерге бекем пайдубал болуп, ар бириңиздер тандаган кесибиңизердин мыкты адиси болушуңарга тилектешпиз!
Ак жол, бүтүрүүчүлөр! ![]()
![]()
