«Келечекте жаңылбоо үчүн өткөндү билүү керек» Саясий ишмер Т. Усубалиевдин 100 -жылдыгына арналган адабий-илимий кече.
2019 жылы 17-октябрда саат 11:00 НМУнун Ж. Саалаев атындагы илимий китепканасынын № 1 окуу залында Т. Усубалиедин 100 жылдыгына карата «Келечекте жанылбоо үчүн өткөндү билүү керек» аттуу темада адабий-илимий кече өткөрүлдү. Китепкананын директору Г. Кыдыралиева кеченин максаты: Кыргызстандын өсүп өнүгүшүнө опол тоодой эмгек кылган инсандарыбыздын ишмердүүлүгү аркылуу жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо жана өз эли журту, ата мекени үчүн талыкпаган кызмат кылуу сезимдерин ойготуу экенин баса […]
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы
Бүгүн, 22-октябрда, НМУнун жана Нарын шаарынын башка окуу жайларынын студенттери менен Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Кармабековна Шайлдабекова жолугушуп, шайлоо системасы жөнүндө жалпы түшүнүк берип жана студенттердин суроолоруна жооп берди. Соңунда БШКнын төрайымы НМУга Брайль системасы боюнча басылган Кыргыз Республикасынын Конституциясын белекке берди.