«Келечекте жаңылбоо үчүн өткөндү билүү керек» Саясий ишмер Т. Усубалиевдин 100 -жылдыгына арналган адабий-илимий кече.
2019 жылы 17-октябрда саат 11:00 НМУнун Ж. Саалаев атындагы илимий китепканасынын № 1 окуу залында Т. Усубалиедин 100 жылдыгына карата «Келечекте жанылбоо үчүн өткөндү билүү керек» аттуу темада адабий-илимий кече өткөрүлдү. Китепкананын директору Г. Кыдыралиева кеченин максаты: Кыргызстандын өсүп өнүгүшүнө опол тоодой эмгек кылган инсандарыбыздын ишмердүүлүгү аркылуу жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо жана өз эли журту, ата мекени үчүн талыкпаган кызмат кылуу сезимдерин ойготуу экенин баса […]