Магистратура, аспирантура жана докторантура борбору

С. НААМАТОВ АТЫНДАГЫ НАРЫН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН МАГИСТРАТУРА, АСПИРАНТУРА ЖАНА ДОКТОРАНТУРА БОРБОРУНУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ
  • НМУнун Эл аралык магистрлик борбору (ЭМБ) — 2008-жылдын 7-июнунда НМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен түзүлгөн.
  • 2018-жылы Эл аралык магистрлик борбор Магистратура, аспирантура жана докторантура борбору деген аталышты алган.

МАГИСТРАНТТАРДЫ ДАЯРДООНУН БАГЫТТАРЫ

2008-жылы ЭМБ КР ББжИМне караштуу Лицензиялоо жана аккредитациялоо (аттестациялоо) мамлекеттик инспекциясынын чечими менен Менеджмент, Экономика, Автоматташтыруу жана башкаруу, Педагогика, Философия жана Политология багыттары боюнча магистранттарды даярдоого лицензиялоодон өткөн (15.10.2009-жылдагы № 15/10 протокол, № 338 лицензия, каттоо номери I-447).

2013-жылы Педагогика багытына КР ББжИМнин лицензиясы алынган.

2014-жылы Агрардык менеджмент профилине лицензия алынган (№ 338, LD140000400, каттоо номери I-447, 14/0295).

2019-жылы 580 200 Менеджмент багытына лицензия алынган (№ 1471/1, D2019−0040, № 1-тиркеме, № 13−4, D2019−0040, № 4-тиркеме).

2021-жылы 550 700 Педагогика, 550 300 Филологиялык билим берүү, 550 200 Физика-математикалык билим берүү багыттарына лицензия алынган (№ 1471/1, D2019−0040, № 2-тиркеме).

2018-жылы МАжДБ Агрардык менеджмент багыты боюнча эл аралык аккредитациядан өткөн.

2020-жылы МАжДБ Менеджмент багыты боюнча улуттук аккредитациядан өткөн

БИЗДЕ ОКУП ЖАТКАН МАГИСТРАНТТАР ЖАНА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР

Магистратура ачылган мезгил ичинде бардыгы болуп 427 магистранттар окушкан жана бүтүп чыгышкан.

  • Жогорку категориядагы адистер;
  • Жогорку кызматтарда иштей ала турган адистер;
  • Алдыңкы технологияны пайдалана билген адистер;
  • Ар түрдүү эл аралык долбоорлор менен иштей ала турган адистер;
  • Өзүнүн кесиптик деңгээлин жана карьерасын жогорулатууну каалаган адистер;
  • Чет элден келип окуган магистранттар (Түркия мамлекетинен) — 54 окуучу;
  • НМУда иштеген жана иштеп кеткен окутуучулар — 62 магистрант;
  • 9 бүтүрүүчү кандидаттык диссертациясын жактоого жетишти.

2020−2021-окуу жылында окуп жаткан магистранттардын саны:

«Менеджмент» (Билим берүү, Финансылык, Агрардык) багытында 1-курста, күндүзгү окутуу формасында 355, сырттан окутуу формасында 152 магистрант, 2-курста күндүзгү окутуу формасында 93 магистрант, сырттан окутуу формасында 134 магистрант билим алышат.

«Педагогика» (Мектепке чейин билим берүү, Башталгыч билим берүү, Жогорку билим берүү) багытында 1-курста, күндүзгү окутуу формасында 184, сырттан окутуу формасында 130 магистрант, 2-курста күндүзгү окутуу формасында 31 магистрант, сырттан окутуу формасында 103 магистрант билим алышат.

«Физика-математикалык билим берүү» багытында 1-курста 50 магистрант, 2- курста 50 магистрант билим алышат.

«Филологиялык билим берүү» багытында 1-курста 74 магистрант, 2- курста — 25 магистрант билим алат.

Башкаруучулук жана профессордук-окутуучулук түзүмү

Магистратура, аспирантура жана докторантура борборунун башкаруучулук түзүмү:

Директору — э.и.д., профессордун м.а. Бекбоева Махабат Амантуровна

Улук адис — э.и.к., доценттин м.а. Сарбагышова А.Э.

Жетектөөчү адис — Рысалиева Динара Шайлооевна

Адис — Белекова Асель Нуралиевна

Лаборант — Токтосунова Назгул Турдалиевна

Магистратура, аспирантура жана докторантура борборунун профессордук-окутуучулук түзүмү.

Магистратура, аспирантура жана докторантура борборунун окутуучулук-профессордук курамын НМУнун эң мыкты окутуучулары, профессорлор, докторлор, кандидаттар, андан сырткары республикага белгилүү окумуштуулар, Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөлөрү түзүшөт. Ошону менен бирге, магистранттардын практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында ар бир тармак боюнча чоң тажрыйбага ээ болгон адис-практиктер сабак беришет.

2009-жылдан азыркы мезгилге чейин магистратурада НМУнун окумуштуулук даражаларга ээ болгон алдыңкы профессорлору Э. М. Мамбетакунов — п.и.д., профессор, УИАнын мүчө-корреспонденти; Т. М. Сияев — п.и.д., профессор; Ж. С. Сыдыков — ф.и.д., НМУнун профессору; М. А. Бекбоева — э.и.д., профессордун м.а., А. С. Жантаев — ф.и.д., профессордун м.а., К. А. Атышов — э.и.д., КЭУнун профессору, Д. К. Омуралиева — э.и.д., профессор, А. А. Алимбеков — п.и.д., профессордун м.а., Ж. К. Каниметов — п.и.д., профессор, М. Ж. Чоров — п.и.д., профессор, А. А. Арзыбаев — э.и.д., КУУнун профессору, А. К. Куканов — э.и.к., доцент, Б. Н. Нарбеков — э.и.к., КЭУнун доценти, Ж. А. Асанов — э.и.д, профессордун м.а., Н. М. Нуралиева — э.и.к., профессордун м.а., Б. М. Биймурсаева — п.и.к., профессордун м.а., Э. М. Байбагышов — а.ч.и.к., профессордун м.а., А. К. Чолпонбаев — ф.и.к., НМУнун доценти, Г. Ж. Муңайтпасова — п.и.к., доцент, Г. К. Чекирова — п.и.к., доценттин м.а., М. М. Бекежанов — п.и.к., доцент, Ж. Байтугелова — п.и.к., доцент, Г. А. Касымова — п.и.к., доценттин м.а., И. К. Шерматова — п.и.к., доценттин м.а., Д. М. Ажыбаев — п.и.к., доцент, Э. М. Исраилов — э.и.к., доценттин м.а., Ш. К. Султаналиева — п.и.к., доценттин м.а., А. Д. Жунусакунова — п.и.к., доценттин м.а., Э. О. Бектурова — п.и.к., доценттин м.а., Д. О. Бекирова — э.и.к., доценттин м.а.; А. Э. Сарбагышова — э.и.к., улук окутуучу, сабак беришкен.

Магистрлер, улук окутуучулар: А. К. Ырыскелдиева — бухгалтердик эсеп, экономика жана менеджмент кафедрасынын улук окутуучусу, экономиканын магистри, И. Т. Койчуманова — бухгалтердик эсеп, экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучусу, экономкианын магистри, М. С. Дуйшембиев — окутуучу, менеджменттин магистри, Б. А. Айдарова — окутуучу, Р. Жаныбек уулу — окутуучу, НАЭКнин директору, К. К. Акматов — окутуучу.

Жетектөөчү адистер-практиктер: Т. Т. Ташмамбетов — Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин башкы адиси-юристи; Б. Т. Сариева — салык кызматынын 3 рангадагы кеңешчиси, Н. С. Байзакова - экономиканын магистри, «Билимкана» жеке менчик мектебинин директору; А. Б. Жалилова — Казыначылыктын Нарын аймактык бөлүмүнүн республикалык бюджетти аткаруу бөлүмүнүн башчысы; Б. А. Шерипбаев — Нарын облусу боюнча ПРООНдун менеджери, А. А. Досоев — Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын айыл чарбасын колдоо, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүктү колдоо, өндүрүштү көтөрүү боюнча экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси; А. К. Усупбеков — Борбордук Азия университетинин коомчулук менен байланыш түзүү жана кыска мөөнөттөгү программалар менен иштөө боюнча координатору; А. К. Устабаев — НМУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адиси; С. Каимова — «Ишкердүүлүктү өнүктүрүү фонду» ААК чакан микрокредиттик компаниясынын Нарындагы филиалынын директору.

Программанын эң негизги пайдалуулугу:
  • Өндүрүштөн четтетилбестен окууну улантуу;
  • Жаңы адистикти алуу;
  • Жаңы окуу усулдарын пайдалануу менен сабак өтүү;
  • Изилдөө ишин аспирантурада улантууга мүмкүндүк алуу (магистрдик диссертация — кандидаттык диссертациянын 50%ын түзөт);
  • Карьералык өсүү;
  • Эл аралык магистрдик программаларга катышууга жана чет өлкөдө окууга мүмкүнчүлүк алуу;
  • Лекцияларды жана семинардык сабактарды, МӨАИ коргоолорду жүргүзүү үчүн AVN, Moodle, Zoom, WhatsApp, Google Classroom ж.б. өндүү ар кыл маалыматтык коштоо тутумдары активдүү колдонулат.

ЭЛ АРАЛЫК ПРОГРАММАЛАР ЖАНА ИЛИМИЙ ДОЛБООРЛОР

Агрардык менеджмент эл аралык магистрдик программасы Вайенштефан университети (Германия) менен өнөктөштүктө жүзөгө ашырылат. Вайенштефан-Триздорф университети менен макулдашууга кол коюлган, бул студенттерге, магистранттарга жана окутуучуларга маектешүүдөн өткөндөн жана тиешелүү тестти тапшыргандан кийин Германиядан такшалтмадан өтүүгө жол берет.

Окуу программасы немец өнөктөштөр менен чогуу немец ЖОЖдорунун тажрыйбасынын негизинде иштелип чыкан, ошондой эле компьютерлер менен оргтехника түрүндө техникалык жардам алынган. Ушул жардамдын аркасында МАжДБда 1 компьютердик класс жана 2 администрациялык кеңсе уюштурулган.

МАжДБнун Агрардык менеджмент багытынын магистранттарына курстарды өтүшкөн окутуучулар үчүн, Вайенштефан-Триздорф университетинде (Германия) такшалтмалар өткөрүлгөн.

Вайенштефан-Триздорф университетинен такшалтмадан өткөн окутуучулар менен кызматчылардын тизмеси

Ф.А.А.

Окумуштуулук даражасы, окумуштуулук наамы

Такшалтмадан өтүү мезгили

Омуралиева Д. К.

э.и.д., профессор

2017-жылдын марты

10.06.2018−17.06.2018

Бекбоева М. А.

э.и.д., профессордун м.а.

10.06.2018−17.06.2018

Бекирова Д. О.

э.и.к., доценттин м.а.

10.06.2018−17.06.2018

Жунусакунова А. Д.

п.и.к., доценттин м.а.

10.06.2018−17.06.2018;

17.11.2018−25−11.2018

Сарбагышова А. Э.

э.и.к., доценттин м.а.

17.11.2018−25−11.2018

Курманалиева Г.

ЭАББнүн кызматчысы

17.11.2018−25−11.2018

Асан уулу Кубат

э.и.к., доценттин м.а.

17.11.2018−25−11.2018

Шайлооева А.

ФФнин окутуучусу

25.03.2018−31.03.2018

НМУнун магистранттары ар түрдүү мезгилдерде Вайенштефан-Триздорф университетинен такшалтмадан өтүшкөн, бул аларга илимий изилдөө ишин жүргүзүүгө, ошондой эле алынган натыйжаларды магистрлик диссертацияларды аткарууда колдонууга жол берген.

Вайенштефан-Триздорф университетинен такшалтмадан өткөн магистранттардын тизмеси

Ф.А.А.

Адистиги

Такшалтмадан өтүү мезгили

Акматов Кубан

Агрардык менеджмент

2011−2012-окуу жылы

Бекбоева Айзада

Агрардык менеджмент

2011−2012-окуу жылы

Баймурзаев Адилет

Агрардык менеджмент

2011−2012-окуу жылы

Кубатов Улан

Агрардык менеджмент

2011−2012-окуу жылы

Мамырканова Наргиза

Агрардык менеджмент

2012−2013-окуу жылы

Актанов Тынчтыкбек

Агрардык менеджмент

2012−2013-окуу жылы

Шаршенбаев Акжол

Агрардык менеджмент

2012−2013-окуу жылы

Айыпов Барчынбек

Агрардык менеджмент

2014−2015-окуу жылы

Исмаилов Уланбек

Агрардык менеджмент

2016−2017-окуу жылы

МАжДБнун кызматчылары төмөнкү мамлекеттик бюджеттик илимий-изилдөө долбоорлорунда иштешкен:
  1. «Өлкөнүн экономикасындагы инновациялык процесс катары Нарын облусунда туристтик кластерди калыптандыруу жана өнүктүрүү, анын аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү ролу», э.и.д., профессордун м.а. М. А. Бекбоеванын, М. С. Дуйшембиевдин, Ч. А. Куканованын ж.б. катышуусунда (2017−2019-жж.);
  2. «Мектептик билим берүүнүн сапатынын илимий-методологиялык негиздери», п.и.д., профессор Т. М. Сияевдин, п.и.к. Г. К. Чекированын, п.и.к. Д. М. Ажыбаевдин, п.и.к. Ш. К. Султаналиеванын ж.б. катышуусунда (2018-ж.);
  3. «Кадырлуу Карылык — билим, сапаттуу саламаттыкты сактоого жана социалдык коргоого жетүү аркылуу кыргызстандыктардын активдүү узак жашоосуна карай», п.и.д., профессор Т. М. Сияевдин, п.и.к. Г. К. Чекированын, п.и.к. Д. М. Ажыбаевдин, п.и.к. Ш. К. Султаналиеванын ж.б. катышуусунда (2020-ж.);
  4. «Уникалдуу жаратылыш аймактарында өскөн жапайы өсүүчү өсүмдүктөрдүн чарбалык баалуу жана декоративдүү түрлөрүнүн Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү үчүн дараметтүү мүмкүнчүлүктөрү», э.и.д., профессордун м.а. М. А. Бекбоеванын, М. С. Дуйшембиевдин, Ч. А. Куканованын ж.б. катышуусунда (2020-ж.);
  5. «Нарын облусунун билим берүү мекемелеринде окуп жаткандардын экстремалдуу шарттарда аралыктан билим берүүдөгү окуу-таанымдык процессинин өзгөчөлүктөрүн аныктоо педагогикалык эксперименти», п.и.д., профессор Т. М. Сияевдин, п.и.к. Г. К. Чекированын, п.и.к. Д. М. Ажыбаевдин, п.и.к. Г. А. Касымованын ж.б. катышуусунда (2021−2022 жж.);
  6. «Нарын регионундагы жергиликтүү жамааттардын калкынын жашоо сапатын жакшыртуунун жана экологияны сактоонун шайманы катары айылдык туруктуу туризмди өнүктүрүү», э.и.д., профессордун м.а. М. А. Бекбоеванын, менеджменттин магистри М. С. Дуйшембиевдин, э.и.к. Ч. А. Куканованын ж.б. катышуусунда (2021−2022-жж.);
  7. «Нарын облусунун тобокел шарттарындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү», э.и.к. Д. О. Бекированын, э.и.к., профессордун м.а. Н. М. Нуралиеванын, экономиканын магистри И. Т. Койчуманованын ж.б. катышуусунда (2021−2022 жж.);
  8. «Разработка почвенно-информационной системы Нарынской области и практическое обучение землепользователей органическому ведению сельского хозяйства», а.-ч.и.к., профессордун м.а. Э.М. Байбагышовдун жетекчилигинин алдында (2022 жж.);
  9. «Разработка и тестирование биопрепарата для лечения бактериального ожога плодовых культур Кыргызстана», б.и.к., доценттин м.а. Н. Ибареванын жетекчилигинин алдында (2022 жж.);
  10. «Кыргыз тилиндеги мультфильмдердин жаш балдарды калыптандырып тарбиялоодогу ролу жана кыргыз тилиндеги мультфильмдерди түзүү», п.и.к., доценттин м.а. Д.М. Ажыбаевдин жетекчилигинин алдында (2022 жж.).
МАжДБнун окутуучулары такшалтмалардан жана квалификацияны жогорулатуудан үзгүлтүксүз өтүшкөн:

Борбордун окутуучулары жогорку билим берүү жаатындагы ар кыл эл аралык программалардын: Erasmus+ (Европейские страны), DAAD, Аграрный менеджмент, Logo e. V, Praxx, JD East, Ge-Tec Solutions, Global Praktikum, Praxx (Германия); ITEC (Индия); SUSI (США), Fulbright, International Visitor Leadership Program (США); Mevlana Exchange Program (Турция), ошондой эле башка да бир катар программалардын алкагында студенттердин, магистранттардын жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү боюнча такшалтмалар менен квалификацияны жогорулатуудан өтүшкөн:

Курстарды уюштурууда жана өткөрүүдө билим берүү чөйрөсүндөгү жаңы мамлекеттик стандарттардын жана ЧУАдын талаптары эске алынат.

Төрт окутуучу билим берүү чөйрөсүндөгү сертификацияланган тренерлер болуп саналат, алардын арасында улуттук тренерлер менен эксперттер да бар.

Бардык алынган билимдер жана көндүмдөр, маалыматтар, окутуунун интерактивдүү усулдары окутуучулар тарабынан кийин лекцияларды жана практикалык сабактарды өткөрүүдө, окуу программаларын толуктоодо жана жаңыртууда колдонулат.

Бардык семинарлар менен курстар, ошондой эле уюштурулуучу тренингдер, ПОКдын кесиптик компетенцияларын жакшыртууга багытталган.

Материалдык-техникалык жактан жабдылуусу:

  • Агрардык менеджмент магистрдик программасын өнүктүрүү максатында Вайенштефан университети (Германия) 5255 еврого окуу кабинетин жабдып, финансылык колдоо көрсөткөн: 12 компьютер (интернетке кошулган); 1 көчүрүүчү аппарат; көп функциялуу принтер; 1 сканер; 1 LCD проектор; 1 экран жана башка кошумча каражаттар менен жабдылган.
  • Нарын мамлекеттик университети тарабынан компьютердик классты жабдуу максатында жана 2 административдик кабинет үчүн төмөнкүдөй жабдуулар берилген: 1 LCD проектор; 2 компьютер (интернетке кошулган); 1 сейф; 1 принтер; эмерек (шкаф, стол, стулдар ж.б.).

2009−2020-окуу жылдарындагы жетишилген ийгиликтер:

С. Нааматов атыныдагы НМУнун МАжДБнун бүтүрүүчүлөрү окууларын бүткөндөн киийн МАКнын андан ары аспирантурага тапшырууга сунушун ала алышат. Магистратураны ийгиликтүү аяктаган айрым магистранттар, аспирантурада окууларын улантышкан жана өздөрүнүн кандидаттык диссертацияларын коргошкон:

Аспирантурадан окуусун уланткан жана диссертациясын коргогон магистранттардын Ф.А.А. жана адистиги

Багыты

Бекирова Д. О.

08.00.05 — Экономика жана эл чарбасын башкаруу

Сарбагышова А. Э.

08.00.10 — Финансы, акча жүгүртүү жана кредит

Касаболотова Н. А.

13.00.02 — Окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (орус тили)

Арыпбекова Д. Ж.

13.00.02 13.00.02 — Окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (орус тили)

Иманалиева Ж. К.

10.02.20 — Салыштырма-тарыхый, типологиялык жана салыштырма тил илими

Саргашкаев Э. А.

07.00.07 — Этнография, этнология жана антропология

Супатаева Г. Т.

08.00.05 — Экономика жана эл чарбасын башкаруу

Жунусакунова А. Д.

13.00.02 — Окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы

Токтомаметова Ж. А.

10.01.01 — Кыргыз адабияты

Халил Коч

08.00.05 — Экономика жана эл чарбасын башкаруу

  • 9 магистрант Вайенштефан (Германия) университетине такшалтмага барып келди;
  • 20дан ашык магистрант Вайенштефан (Германия) университетинин сертификаттарына ээ болушкан;
  • 145тен ашуун магистранттын магистрдик диссертациясы боюнча макалалары «НМУнун Жарчысы» журналына жана ар кайсы басылмаларга чыгарылган;
  • Педагогика жана Билим берүүнүн менеджменти адистиктеринде окуган магистранттар болсо макалаларын «Азыркы мезгилдин педагогу: теория жана практика» деген илимий жыйнакка, V, VI, VII сандарына жарыялашкан. Бардыгы аталган жыйнакка 38 макала чыккан.
  • НМУда мезгил-мезгили менен «НМУнун Жарчысы» журналы басылып чыгат, ага окутуучулардын, жаш окумуштуулардын, магистранттардын, студенттердин макалалары жарыяланат.
  • Изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн шарттар түзүлгөн, алардын алкагында ПОКдын илимий, окуу, окуу-усулдук өндүрүмү басылып чыгат, кээде каражаттын бир бөлүгү НМУнун атайын каражаттарынын эсебинен жабылат. Мисалы, «Өлкөнүн экономикасындагы инновациялык процесс катары Нарын облусунда туристтик кластерди калыптандыруу жана өнүктүрүү, анын аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү ролу» долбоорунун алкагында, мында МАжДБнун окутуучулары э.и.д., профессордун м.а. М. А. Бекбоева, э.и.д., профессор К. А. Атышов, э.и.к., профессордун м.а. Н. М. Нуралиева, э.и.к., доценттин м.а. Б. Н. Нарбеков, менеджменттин магистри М. С. Дуйшембиев, экономиканын магистри И. Т. Койчуманова ж.б. иштешкен, ар кыл журналдарда макалалар жарыяланган жана монографиялар басылып чыккан:
  • Бекбоева М. А. жана автордук жамаат «Нарын областында туристтик кластердин калыптанышы жана өнүгүшү» (Бишкек, 2019-ж.);
  • Бекбоева М. А., Низамиев А. Г., Нарбеков Б. Н. «Кластердик технологиялардын негизинде туристтик базарды өнүктүрүү» монографиясы (Берлин, 2019-ж.)
  • Бекбоева М. А. Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн проблемалары жана векторлору (12-бап. Аймактык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн калыптандыруу жана өнүктүрүү; 13-бап. Аймактардын экономикасы: абалы жана кластердин негизинде өнүктүрүү келечектери).

ЧЕНЕМДИК-УСУЛДУК ИШ

Ченемдик-укуктук иштин төмөнкү түрлөрү жасалган:

  • МАжДБнун кызматчыларынын (директорунун, башкы адисинин, адисинин) кызматтык нускамалары даярдалган;
  • Магистратура, аспирантура жана докторантура борбору жөнүндө жобо иштелип чыккан;
  • НМУда магистратуранын программасы боюнча окуу процессин уюштуруу жөнүндө жобо ишелип чыккан;
  • Илимий-изилдөөчүлүк практиканы өткөрүү жөнүндө жобо иштелип чыккан;
  • Илимий-педагогикалык практиканы өткөрүү жөнүндө жобо иштелип чыккан;
  • НМУнун магистранттарынын илимий-изилдөө иши жөнүндө жобо иштелип чыккан;
  • НМУнун магистранттарынын өз алдынча ишин уюштуруу жөнүндө жобо иштелип чыккан;
  • Ар кыл мезгилдер үчүн магистранттарды кабыл алуу боюнча эрежелер иштелип чыккан;
  • С. Нааматов атындагы НМУнун магистранттарынын илимий-изилдөө ишинин илимий жетекчиси боюнча жобо иштелип чыккан;
  • Магистрдик диссертацияны жазуу үчүн усулдук көрсөтмө иштелип чыккан;
  • С. Нааматов атындагы НМУнун магистранттарынын «Билим берүүнүн менеджменти» адистиги боюнча магистрдик даярдыгы жөнүндө жобо иштелип чыккан;
  • С. Нааматов атындагы НМУнун магистранттарынын «Агрардык менеджмент» адистиги боюнча адистерди даярдоо боюнча жобо иштелип чыккан;
  • Ар бир магистрант үчүн жеке иш планы иштелип чыккан;
  • Атайын жана кесиптик багыттагы сабактар үчүн окуу программалары иштелип чыккан;
  • Атайын жана кесиптик багыттагы сабактар үчүн окуу-усулдук комплекстер лекциялар менен бирге, практикалык сабактар үчүн усулдук көрсөтмөлөр, магистранттарга таратылып берилүүчү көрсөтмө материалдар иштелип чыккан;
  • Атайын жана кесиптик сабактар үчүн электрондук китеп базасы түзүлгөн: «Маркетинг» курсу боюнча электрондук окуу-усулдук комплекс, автору — э.и.д. М. А. Бекбоева; «Жогорку мектептин педагогикасы жана психологиясы» курсу боюнча электрондук окуу-усулдук комплекс, автору п.и.д. Т. М. Сияев ж.б.

ЖКББнүн МББСна ылайык магистранттар квалификациялык магистрдик ишти аткаруулары зарыл. Аны сапаттуу аткаруу жана коргоо үчүн Вайенштефан университетинин талаптарына ылайык, 580 200 Менеджмент багытынын ЖКББнүн МББСнын талаптарына ылайык, «Илимий-изилдөө иши жөнүндө отчёт. Түзүмү жана тариздөө эрежелери» 7.32−2001 ГОСТтун талаптарына ылайык орус жана англис тилдеринде магистрдик диссертацияларды аткаруу боюнча усулдук окуу куралы иштелип чыккан, анда магистрлик диссертацияны аткаруу жана аны техникалык тариздөө боюнча негизги талаптар камтылган. Бул окуу-усулдук курал ар бир магистрантка жеткиликтүү жана магистранттарга окуу жылынын башында электрондук түрдө берилет. Илимий-изилдөө ишинин темасын тандагандан кийин, магистрант илимий жетекчини тандайт, ал илим жана өнүктүрүү боюнча проректордун буйругу менен бекитилет. Магистранттын ИИИ түздөн-түз магистрдик диссертациянын темасы жана илимий-изилдөө практикасынын максаттары менен байланышкан, андан магистранттар биринчи окуу жылында өтүшөт. Магистранттардын илимий-изилдөө иштеринин натыйжалары жаш окумуштуулардын ар жылдык эл аралык илимий-практикалык конференциясында баяндалат, ал эми конференциянын материалдары «НМУнун Жарчысы» журналына жарыяланат.

«С. Нааматов атындагы НМУнун магистранттарынын илимий-изилдөө иши жөнүндө» Жобо боюнча, магистрдик диссертациянын темасы боюнча 1ден кем эмес макаланы жарыялоо магистрдик диссертацияны коргоого уруксат кылуунун милдеттүү шарты болуп саналат.

МАжДБнун алдында турган милдеттер:

  • Окуу процессинин сапатын камсыздоо тутумун андан ары өркүндөтүү
  • Окуу процессин ченемдик камсыздоо тутумун андан ары өркүндөтүү
  • Аймактын жана адистиктердин керектөөлөрүнө жооп берген жаңы автордук курстарды түзүү
  • Магистратурага бюджеттик орундарды алуу
  • Өзүбүздүн жана башка ЖОЖдордун мыкты ПОКын жана практик-адистерди окутуу үчүн тартуу
  • Республиканын жана чет өлкөлөрдүн башка ЖОЖдорунун магистратура бөлүмдөрү менен тажрыйба алмашуу
  • Ишканалар, мекемелер, уюмдар менен байланыштарды түзүү
  • Эл аралык долбоорлордун алкагында магистранттардын такшалтмадан өтүүсү жана окуусу (Эрасмус Мундус, Вайенштефан колдонмо илимдер университетинин магистратурасы/Германия)
  • МАжДБнун алкагында ар жыл сайын илимий конференцияларды, тегерек-столдорду, семинарларды өткөрүү.

АСПИРАНТУРА ЖАНА ДОКТОРАНТУРА

Илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо максатында «Кыргыз Республикасынын илимий-педагогикалык кадрларын даярдоо жөнүндө» Жобого ылайык, 2002-жылдын 11-февралындагы № 51/ буйрук менен Нарын мамлекеттик университетинде төмөнкү багыттар боюнча аспирантура ачылган:

01.00.00 — Физика-математика илимдери

05.00.00 — Техника илимдери

08.00.00 — Экономика илимдери

09.00.00 — Философия илимдери

10.00.00 — Филология илимдери

13.00.00 — Педагогика илимдери

(Аспирантура ачуу боюнча буйрукка шилтеме)

2021-жылдын 22-декабрда аспирантура кошумча илимий адистиктер менен толукталды:

03.02.08 — Экология

03.02.13 — Топурак таануу

25.00.24 — Экономикалык, социалдык, саясий жана рекреациялык география

(Аспирантурада кошумча илимий адистик ачуу боюнча буйрукка шилтеме)

Аспирантурадан билим алуу күндүзгү формада бюджеттик жана контракттык негизде КР ББжИМ тарабынан берилген квотага ылайык жүргүзүлөт.

Аспирантура иштеп турган мезгил ичинде жалпысы 218 аспирант окуган, алардын ичинен 48 аспирант кандидаттык диссертацияларын, ал эми 5 адам докторлук диссертацияларын коргогон.

Бүгүнкү күндө аспирантурада 31 бюджеттик аспирант билим алып жатат.

С. Нааматов атындагы НМУнун аспирантурасына тапшыруу учун талап кылынган документтер:

1. Ректордун наамына арыз.
2. Жогорку билими тууралуу дипломдун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн кочурмосу
  1. 4x6 фотосу бар жеке баракчасы 1 даана.
  2. Форма боюнча автобиография.
  3. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү.
  4. Акыркы иштеген жеринен аспирантурага сунуштама.
  5. Сунушталган илимий жетекчинин рецензиясы менен тандалган адистик боюнча илимий реферат же илимий жетекчинин рецензиясы менен жарыяланган илимий макалалардын тизмеси.
  6. Сүрөт 3×4 — 1 дана.

КР ББжИМнин 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 1245 буйругу менен төмөнкү адистиктер боюнча докторантура ачууга уруксат берилген:

08.00.05 — Экономика жана эл чарбасын башкаруу

13.00.01 — Жалпы педагогика