Миссиясы

Республиканын социалдык- экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо үчүн, ылдам өзгөрүп жаткан дүйнөдө кесиптик ишмердүүлүк жүргүзүү жана коомдук адептик, маданий, илимий баалуулуктарын илгерилетүүгө жөндөмдүү, компетенттүү адисти даярдоо.

Тоо элинин теңир берген олжосу

Жаштарына билим берип колдоочу

Тоо койнуна ачкан ушул окуу жай

Теңир-Тоонун илим-билим ордосу

Кайырма:

Нарындай туйлап шар аккан

Нарк менен алга бараткан

Заманбап биздин окуу жай

Атына заты жарашкан.

Күн дайыма тийип турат чокуга

Тоолук жаштар өсөт дайым окууда

Нарындыктар башкаларды тандатып

Ар илимге улам салым кошууда

Кайырма:

Алыс барбай алам илим олжону

Адабият-маданият борбору

Ала-Тооунун сыймыгы бул окуу жай

Ардактоочу байлыгыбыз колдогу

С 14 по 16 марта 2023 года в Нарынский государственный университет им. С. Нааматова прибыл с визитом международный эксперт, координатор программы «Партнерство горных университетов (MUP)» Алиёр Мародасейнов.
10-март Ж. Саалаев атындагы НМУнун илимий китепканасында Жаштарды өнүктүрүү институтунун өкүлдөрү келип,"3.2.1-Старт!" программасы менен С. Нааматов атындагы НМУнун студенттерине маалымат беришти.
Доцент кафедры Информационные технологии Нарынского государственного университета имени С. Нааматова Г. К.Чекирова прошла обучение в Японии. По проекту JICA в Японии с 1−17 — декабря 2022 года был организован учебный курс «Развитие человеческих ресурсов высокого уровня в промышленности с помощью инженерного образования в японском стиле» в котором участвуют преподаватели вузов, колледжей из Кыргызской Республики, Казакстана, Узбекистана, Туркменистана и Республики Молдова. Учебный курс организован в политехническом университете Миэ. Были проведены лекции: «Обзор инженерного образования в Японии», «Особенности Японии и японских компаний, развитие человеческих ресурсов в японских компаниях»,
«Особенности и учебные планы политехнических факультетов многопрофильных университетов (на примере Университета Миэ)» и др. Интересная лекция была по теме «Особенности и учебные планы высших технических колледжей КОСЭН». Кроме этого посетили партнёров по совместным исследованиям компанию «Fujifilm Manufacturing Co». Также организована экскурсия по лабораториям инженерного факультета университета Миэ. Лекции читали ведущие учёные, специалисты, аспиранты, которые дали нинформацию по актуальным вопросам образования и науки, поделились опытом инженерного образования в японском стиле. По окончании учебного курса получили сертификаты.
«Дүйнөлүк диндердин тарыхы"(326-беттен турат) окуу куралы жана «Дин таануу» (168-беттен турат) окуу-усулдук колдонмосу С. Нааматов атындагы НМУнун (А.К.Бектемирова жана М.Э.Жумабаев) жана И. Арабаев атындагы КМУнун окутуучулары (Н.У.Курбанова, Ч.Ж. Карасартова, А.К.Бекбоева) тарабынан жазылып, басмадан чыкты.

Нарын мамлекеттик университети бийик тоолуу жергебизде 1996-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен Нарын айыл чарба техникумунун, Мамбетакунов Кадырбай атындагы педагогикалык окуу жайынын, облустук мугалимдердин билимин жогорулатуу институтунунжана Кыргыз архитектуралык курулуш институтунун облустук филиалынын базасында Нарын шаарында ачылган.

Университеттин ачылышы Нарын эли үчүн чоң сыймык болуп, республикага керектүү жогорку билимдүү кадрларды даярдоо менен гана чектелбестен, калктын социалдык — маданий маселелерин чечүүгө да салым кошту.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы Токтомуна ылайык Нарын мамлекеттик университетине Сатыбалды Нааматовдун ысымы ыйгарылган.

Сатыбалды Нааматов кыргыз интеллигенциясынын 20−30-жылдардагы алгачкы билимдүү өкүлдөрүнүн бири, ал бир нече окуу китептеринин автору катары өлкөдөгү сабатсыздыкты жоюу, социалдык-маданий, агартуу тармагына эбегейсиз салымын кошкон инсан катары белгилүү.

Азыркы убакта Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде күндүзгү бөлүмдө төрт факультет: агрардык-техникалык факультети, педагогикалык факультети, экономика жана дене күч маданияты факультети, филология факультети, сырттан окутуу департаменти жана Нарын педагогикалык колледжи, агрардык-экономикалык колледжи, мугалимдердин билимин өркүндөтүү борбору бар.

Ар бир факультетте заманбап компьютердик класстар иш алып барууда. Бардык компьютерлер интернет түйүндөрүнө кошулгандыктан профессордук-окутуучулук жамаат жана студенттер үчүн кенен мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.