Агрардык — техникалык факультети

Көп тармактуу адистерди даярдайт

Агрардык-техникалык факультет 1997-жылы 29-сентябрда Нарын мамлекеттик университетинин ректорунун № 54 буйругу менен түзүлгөн. Азыркы учурда «Электр энергетика жана электр техникасы «, «Транспорттук процестеринин технологиясы «, «Экология жана жаратылышты пайдалануу», «Жерге жайгаштыруу жана кадастрлар «,"Айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы» жана «Экономикадагы колдонмо информатика»,"Информатика жана эсептөө техникасы», «Колдонмо информатика «, «Логистика»,"Курулуш»,"Дизайн»,"Агрономия»,"Саламаттыкты сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия"багыттары боюнча студенттер күндүзгү жана сырттан окуу (дистанттык) окуу процесси жүргүзүлүүдө.
Агрардык-техникалык факультетте бүгүнкү күнү үч кафедра иш алып барууда:
  • «Агрардык жана технологиялык дисциплиналар» кафедрасы;
  • «Маалыматтык технологиялар» кафедрасы.
  • «Техникалык дисциплиналар кафедрасы»
Бүгүнкү күндө факультетте 39 профессор-окутуучу эмгектенет, анын ичинен 1 профессор, 12 илимдердин кандидаты, 6 ага окутуучу, 11 окутуучу, 2 окуу мастери, 1 инженер-программист.
Факультеттин деканы: Асыранбекова Мээраза Каттобековна

ameeraza@mail.ru

байланыш