Араб тили жана маданияты борбору

2005-жылы алгачкы болуп Нарын мамлекеттик университети өз ара илим-билим тармагында иш алып баруу учун Махмуд Кашгари-Барскани атындагы чыгыш университети менен келишим түзүлгөн. Ошол эле жылы Нарын мамлекеттик университетинин студенттерине жана Нарын жергесиндеги орто окуу жайларындагы окуучулары үчүн араб тили боюнча кыска мөөнөттөгү курстар башталган. Араб тилин үйрөтүү боюнча Махмуд Кашгари-Барскани атындагы чыгыш университетинин бүтүрүүчүсү Съездбек Мамытов үйрөтө баштаган. Араб тилин жана маданиятын толугу менен жаштарга үйрөтүү үчүн 2007-жылы Илим-Билим Министирлигинен араб тили жана адабияты кафедрасын ачуу учун лицензия алынып, ошол эле жылы Нарын мамлекеттик университетинин Тил илимдери факультетинин алдында, Чыгыш таануу кафедрасында араб тили бөлүмү иштей баштады. Азыркы учурда Нарын мамлекеттик университетинин араб тили бөлүмү Кыргызстандагы араб тили окуу жайлары жана араб мамлекеттик фонддору менен тыгыз байланышта иш алып барууда.

1) Нарын мамлекеттик университетинин араб тили бөлүмүнүн студенттерине татыктуу билим берүү.

2) Кыргызстандагы жана Араб мамлекеттериндеги окуу жайларында боло турган стажировкаларга жөнөтүү.

3) Борбордун жана университеттин китепканасын өнүктүрүү боюнча проекттерди жазуу.

4) Кыргызстандагы жана араб мамлекеттериндеги кайрымдуулук фонддору менен кызматташтыкта Нарын жергесиндеги жетим балдарга, социалдык жашоосу начар үй- бүлөлөргө, майып адамдарга жардам кылуу максатында проект жазуу.