Бүгүн, 2019-жылдын 11-июлунда, С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору, профессор Таштанбек Моңолдорович Сияев, Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 1-турдун жүрүшүндө ар түрдүү багыттарга бюджеттик негизде окуу үчүн талондорун таштап, натыйжада алдыңкы орундарды ээлеп, окууга кабыл алууга сунушталган абитуриенттер менен жолугушуу жасады. 1-турдун жүрүшүндө бардыгы болуп 52 абитуриент бюджеттик негизде окуу үчүн талон ташташкан. 10-июль күнү саат 14:00дө атайын үкөктөр […]

Биздин окумуштуулардын комплекстүү илимий-изилдөө иштери
Нарын шаарынын тургундарына белгилүү болгондой борбордук базардын айланасындагы жолдо жүрүүнүн баш аламандыгын жөнгө салууга С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин докторанты т.и.к., доцент Э.Д. Молдалиевдин жана Нарын ОИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчилиги менен бирдикте комплекстүү илимий-изилдөө иштери аткарылган. Учурда Ленин-Шуллер көчөсүнүн кесилиштерин светофор менен жөнгө салууну уюштуруу иштери өндүрүштө колдонулуп, Орозбак уулу-Шуллер көчөсүнүн кесилиштерин светофор менен жөнгө салууну […]

НМУда инклюзивдик билим берүү боюнча тренинг өттү
2019-жылдын 23−24-июнь күндөрү НМУда инлюзивдик билим берүү боюнча эл аралык эксперт Елена Геонис тренинг өттү. Тренингге НМУнун профессордук-педагогикалык жамааты катышышты. Аталган тренингде катышуучулар аутизм менен ооруган жана башка ден-соолугунан мүчүлүштөрү бар балдарга жеткиликтүү билим берүүнүн жаны методдору жана аларды колдонуу жолдору жөнүндө кенири маалымат алышты.

НМУ «Коопсуздук-2019» машыгуу иш-чарасына активдүү катышууда
2019-жылдын 25−27-июнь күндөрү Нарын шаарында «Коопсуздук-2019» машыгуу иш-чарасы жарыяланды. Иш-чаранын талабы боюнча НМУнун бардык имараттарында атайын график менен кароолдор уюштурулду. Университеттин кызматкерлери бул иш-чарага жоопкерчилик менен мамиле кылып, өз милдеттерин так аткарышууда.
КУТТУКТАЙБЫЗ
Агрардык-техникалык факультетинин «Маалыматтык технологиялар» кафедрасынын ага окутуучусу КУЛМАНБЕТОВА САГЫНБҮБҮ МУСЕКОВНАНЫ «Асимптотика решения сингулярно возмущенных параболических задач с кратной точкой спектра» —