ЮНИКО ПРОЕКТИСИ ЖӨНҮНДӨ

tempusлогоС. Нааматов атындагы Нарын мамлеккеттик университетинде профессионализми жана жеке өнүгүүсү үчүн «өмүр бою билим алуу «(образование в течение всей жизни) парадигмасынын алкагында алыскы региондордогу университеттерде англис тилин үйрөтүү борборлорун түзүү» аттуу программасы «Темпус IV» проектисинин алкагында алгачкы ишин баштады.

Бул университеттердин консорциумуна Нарын мамлекеттик университетиненсырткары Кордоба университети (Испания), Алтай мамлекеттик университети (Россия), Прагадагы Карлов университети (Чехия), Билим берүү институту, Лондон университети (Великобритания) , Кемерово мамлекеттик университети (Россия), Кыргыз-Орус Славян университети (Кыргызстан), Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги, Новосибирск Экономика жана башкаруу университети (Россия ), Орус-Тажик Славян университети (Тажикстан), Сибирь федералдык университети (Россия), Сотим Улугзаде атындагы Тажик мамлекеттик университети, (Тажикстан), Тажик мамлекеттик коммерциялык университети(Тажикстан), Томск администрациясы, Томск мамлекеттик улуттук изилдөө университети (Россия), Забайкал мамлекеттик университети (Россия) киришти.

Жогорудагы консорциумга кирген университеттерде эки жылдын ичинде 100 гө жакын мугалим- тренерлер эл аралык жана жергиликтүү денгээлде стажировкадан өтүшөт, 15 билим берүү мекемелери (Борборлор ачылат.) жана тренинг, конференция, ачык дискуссия, тегерек столдор, веб-семинарлар аркылуу университеттердин 200 дөй англис тили жана IT технологиялар боюнча мугалимдери билимин жогорулатышат, 200 дөй аспирант курстан өтөт жана 50%тей катышуучулар Эл аралык сертификат алышат.

Проекттин максаты: Акыркы жылдары «өмүр бою билим алуу «парадигмасы Европада кошумча билим алуунун бирден бир натыйжалуу булагы болуп келет жана бул проект эл аралык багытта: бир жагы Европалык, экинчи жагы Россиянын, Кыргызстан жана Тажикстандын билим берүү мекемелеринин колдоосунда катаал шарттагы эң алыскы региондорунда англис тилин үйрөтүүгө шарт түзүү болот жана анда билим алган чет тилин үйрөнүүчү өзү үчүн жана өзү аркылдуу өзүнүн коомуна пайда келтирүү максатын .көздөйт.Акыркы кезде чет тилдерин үйрөнүүгө басым жасалып, ага кызыккан жарандар көп болуп жатат. Дүйнөдөгү глобалдашуу, б.а.саясий, экономикалык, географиялык, билим, илим байланышы чет тилдеринде баарлашууну талап кылып жатат. Жогорку байланыштарды ишке ашырууда албетте чет тилинин, анын ичинен англис тилинин ролу зор. НМУ бул проектти ишке ашыруу үчүн бардык шарттарды түзөт, себеби университет:

  • Илимдин, билимдин региондогу бирден бир очогу;
  • Угуучуларды курстан өткөрүү боюнча окутуу базасы даяр;
  • Профессионал мугалимдери бар жана
  • Университеттин администрациясы колдоого алат.

Долбоор эки жылга ылайыкталып, 2016-жылдын декабрь айында жыйынтыкталат. Борбор чет элдик проекттер менен иштеген жарандар үчүн, алардын карьералык өсүшүнө түрткү болууга, программа менен чет өлкөгө чыгууну каалаган студенттер, чет өлкөгө чыгып иш орду менен камсыз болгусу келген жарандар, жергиликтүү банк, жеке бизнес менен алек болгондор, НПОнун мүчөлөрү, аскер, бажы кызматчылары, жумушсуздар, англис тили адистиги эмес бардык жарандар үчүн кызмат кылат жана курсту толук окуп бүткөндөн кийин Оксфорд экзаменин: тапшырып, эл аралык сертификат ала алышат.

Проект өзү 24 айга пландалган. Биринчи жылы, б.а. 2014-январынан декабрь айына чейин окуй турган бөлмөлөрдү даярдоо, жабдуу, борбордун жетекчисин, менеджерлерин, анда сабак бере турган мугалимдерин Испанияда, Чехияда, Англияда, стажировкадан өткөрүп, даярдоо курстун программасын инновациялык технологиялардын жардамы менен иштеп чыгуу иштерин аткарат.

Проекттин НМУга алып келген пайдасы:

  1. Европалык билим берүү стандартында даярдалган квлификациялуу мугалимдеp;
  2. Заманбап технология менен жолук жабдылган англис тили боюнча Ресурстук борбор;
  3. Менеджер-лидерлик сапаты өнүккөн даяр тренерлер;
  4. Болон процессин ишке ашырууга керектүү даяр окуу программалары;
  5. Экзамен тапшыруу үчүн (м: TOEFL) офиси болуп калат.

Справка үчүн: Темпус программасы университеттер аралык билим берүү программаларын иштеп чыгуу, университеттерди башкаруу, академиялык жана граждандык коомчулук менен биргелешип иштөө жана жогорку билим берүү сферасында структуралык реформаларды жүргүзүү иштерин каржылайт. Мындан тышкары «Темпус» мугалимдердин, студенттердин жана университетти башкаруу аппаратынын мобилдүүлүгүн ишке ашыруу иштерин каржылайт.

1. UNICO

2. Members

3.Project Objectives

4. Project Team

5.The role of the UNICO center at NSU for Naryn Community

6.Project activities

7. Photo

8. UNICO Center at NSU

9. Publications