Бүгүн, 13-апрелде Нарын шаарындагы Ж. Шералиев атындагы искусство мектебинде, «Сайма жана белдемчи» аттуу илимий-практикалык көргөзмө өткөрүлдү. Көргөзмөдө кыргыз элинин улуттук кийим-кечелерине кирген белдемчилер көрсөтүлүп, салттуу кол өнөрчүлүктүн нускасы болгон сайма боюнча мастер-класстар өткөрүлдү. Мындан сырткары НМУнун окутуучусу М. И. Молдалиева «Ата-бабадан келе жаткан, шөкөттөлгөн кийим — белдемчи» темасында илимий баяндама жасады. Илимий-практикалык көргөзмөнүн аягында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети менен Нарын шаарынын маданият бөлүмү кызматташуу меморандумуна кол коюшту.
![](http://nsu.kg/wp-content/uploads/2023/04/WhatsApp-Image-2023-04-13-at-23.14.40-1024x578.jpeg)
![](http://nsu.kg/wp-content/uploads/2023/04/фото.jpeg)
![](http://nsu.kg/wp-content/uploads/2023/04/WhatsApp-Image-2023-04-13-at-23.12.08.jpeg)
![](http://nsu.kg/wp-content/uploads/2023/04/WhatsApp-Image-2023-04-13-at-23.14.02.jpeg)
![](http://nsu.kg/wp-content/uploads/2023/04/WhatsApp-Image-2023-04-13-at-15.33.25.jpeg)