НМУ менен БАУнун ортосундагы кызматташуунун перспективалык пландары талкууланды.

2023-жылдын 12-апрелинде С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору Э. М. Байбагышов Борбордук Азия университетинин (БАУ) Өнүктүрүү жана коомчулук менен байланыштар боюнча жаңы дайындалган директору Малик Котадиа менен жолугушту. Нарын облусундагы бул жогорку окуу жайлар тоолуу университеттердин кызматташуусу боюнча түзүлгөн меморандумдун негизинде өз ара тыгыз иштешип келе жатышат. Жолугушууда НМУнун окуу борборлоруна экскурсия жасалып, долбоорлор боюнча аткарылган иштер тааныштырылып, НМУ менен БАУнун ортосундагы кызматташуунун перспективалык пландары талкууланды. Ошондой эле, жолугушуунун жыйынтыгында «Соң-Көл» жаштар сарайын жалпы облустун коомчулугу, анын ичинде жаштары натыйжалуу пайдалана турган заманбап билим, илим, маданият комплексине айландыруу боюнча аракеттер жүрүп жатканы баса белгиленди.

НМУ пресс-кызматы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *