
Ж. Баласагын атындагы КУУнун илимий ишмердүүлүгүнүн
концепциясынын алкагында ички гранттар аркылуу илимий
долбоорлорду каржылоо боюнча сынакка катышууга чакырабыз.
Өтүнмөлөр Илимий-техникалык кеңештин 2026-жылдын 30
июнундагы № 14 жыйынында 2026−2027-окуу жылы үчүн
бекитилген
илимий-изилдөө
иштеринин
артыкчылыктуу
багыттарынын негизинде даярдалууга тийиш.
Сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөр 2026-жылдын 1
сентябрынан 20-сентябрына чейин, саат 17:00гө чейин кабыл
алынат.
Өтүнмөлөр КУУнун стимул берүүчү гранттары аркылуу
долбоорлорду тандоо жана ишке ашыруу жөнүндө жобонун
талаптарына ылайык даярдалат
Өтүнмөлөрдүн электрондук версиясы knugrant@gmail.com
электрондук дарегине жөнөтүлөт, ал эми басма түрүндөгү нускасы
Илим жана илимий-аналитикалык ишмердүүлүк бөлүмүнө (5
корпус, 222-кабинет) тапшырылат.
