НМУнун 1-курсунун студенттерине китепканада экскурсия жүргүзүлдү

2018-жылдын 8−12- октябрында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Ж. Саалаев атындагы илимий китепканасында НМУнун 1-курстарынын студенттери үчүн жумалык экскурсия уюштурулду. Экскурсияга НМУнун агрардык-техникалык, педагогигалык, экономика, бизнес жана башкаруу, филология факультеттеринин жана педагогикалык, агрардык-экономикалык колледждердин студенттери, бардыгы болуп 340 студент катышты.

Экскурсия студенттерге университеттин Илимий китепканасы жөнүндө толук маалымат берип, окурмандарды өзүнө кенири тартуу макчатын көздөдү. Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер китепкана тууралуу видеопрезентацияларды көрүштү. Ошондой эле китепкана кызматын пайдалануу эрежелери, китепкананын бөлүмдөрүнөн керектүү материалдарды алуунун тартиби, электрондук залдын ишмердүүлүгү, электрондук китептер, электрондук каталог боюнча толук маалыматка ээ болушту. Экскурсиянын жыйынтыгында китепкана кызматкерлери студенттерди кызыктырган суроолоруна жооп берип, пикир алмашуулар болду.

Илимий китепкана — бул окуу-тарбия процессин жана илимий изилдөөлөрдү документтер, маалымат менен камсыз кылган структуралык бөлүк жана билимди таратуучу руханий- интеллектуалдык баарлашуу маданият борбору экендигин китепкананын директору Г. Кыдыралиева белгиледи.

Сүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *