Нарын университетинин окутуучулары Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде иш сапарда болуп кайтышты

Германиянын Батыш Саксониядагы Цвикау Прикладдык илимдер университетинин базасында Эразмус+ программасынын «Кыргызстандагы саламаттыкты сактоонун менеджменти жана биомедициналык инженерия багытында жогорку билимди өнүктүрүү» KyrMedu долборунун алкагында Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде «Tele-teaching» лабораториясынын ачылышы жана «Электрондук окутууну (E-Learning) уюштурууда LMS Moodle платформасын колдонуу (администрлөө, окуу программаларын жүктөө, окутуучуларды жана студенттерди каттоо жана өзгөчөлүктөрү)» темасындагы семинарга 2018-жылдын 25−26 сентябрь күндөрү С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык факультетинин «Агрардык-техникалык дисциплиналар» кафедрасынын доценти Байбагышов Эрмек, «Маалыматтык технологиялар» кафедрасынын башчысы, п.и.к. Бейшеналиева Уулкан, окутуучу Осмонова Бермет катышып келишти.
Иш сапарда Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин конференция залында КМТУнун ректору М. Джаманбаев долбоордун катышуучуларын куттуктады. Буга чейинки жасалган иштер, эл аралык долбоорлордун жыйынтыгы боюнча КМТУнун «Телематика» кафедрасынын башчысы Б. Кошоева презентация жасады.
«Tele-teaching» лабораториясынын ачылышында Нарын мамлекеттик университетининн «Маалыматтык технологиялар» кафедрасынын окутуучулук курамы жана студенттери, Германиянын Кёльн техникалык университетинин профессору Михаил Бонгардс, КМТУнун окутуучулары, семинардын катышуучулары скайп аркылуу түз байланыш уюштурушуп, куттуктоо сөздөрү айтылды, лабораториядагы медициналык аппараттар практика жүзүндө иштетилип көргөзүлдү. Андан сырткары студенттердин өз алдынча иштери демонстрацияланды, факультеттеги окуу кабинеттери, лабораториялык камсыз болуусу жана илимий изилдөө иштериндеги программдык жабдыктары боюнча маалымат берилди.
КММА, ЫМУ, КМТУ, КМКТАУ, НМУ, ОшМУ, ТалМУ сыяктуу өнөктөш университеттерден келген окутуучулар сабактарды уюштуруу, окуу-методикалык колдонмолорду бирдей стандартта иштеп чыгуу жана LMS Moodle платформасынын порталына жүктөө тууралуу талкуу жүргүзүштү.
LMS Moodle порталына окуу программаларын жүктөө, лекцияларды киргизүү, платформада администратор, ассистент, студент жана окутуучунун ролу, тесттерди жүктөө ж.б. каражаттар жөнүндө лектор Асылбек Абдувапов угуучуларга практикалык сабак өтүп, портал менен практикалык иштер жүргүзүлдү.
Семинарда алынган маалымат жана жөндөмдөрдү колдонуу мүмкүнчүлүгү НМУнун Маалыматтык технологиялар кафедрасынын окутуучуларынын арасында жайылтылып, Moodle порталына окуу программалары жүктөлүүдө.

Сүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *