Нарын мамлекеттик университети Кастамону университети менен кызматташат

2017-жылдын 19-декабрында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине Турциянын Кастамону университетинин ректору профессор Сейит Айдын жетектеген делегация официалдуу визит менен келди. Бул визиттин негизги максаты эки университеттин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюу. Алгач Кастамону университетинин ректору профессор Сейит Айдын мырза НМУнун профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушуп, анда мейман катышуучуларга Кастамону университети жөнүндө кеңири маалыматтарды берип, НМУ менен мындан ары кызматташууга кызыктар экендигин билдирди. Өз кезегинде Нарын мамлекеттик университетинин ректору профессор Омуралиева Дамира Кемеловна мейманды Нарын мамлекеттик университети менен тааныштырып, кызматташтык максаты үчүн каралган айрым долбоорлорго токтолуп өттү. Жолугушуунун соңунда эки университеттин ортосундагы мындан аркы кызматташуу жөнүндөгү келишимге кол коюлду. Андан соң делегация НМУнун Турк тилдер борборунда болуп, студенттер тарабынан даярдалган көрсөтүүлөргө күбө болуп кайтышты.

ФОТО

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *