С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде студенттер менен жумуш берүүчүлөрдүн жолугушуусу болуп өттү

2017-жылдын 12-декабрында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Орто жана кесиптик билим берүү мекемелери менен жумуш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жолдору» аталышындагы кызматташтык форуму болуп өттү. Форумдун ачылышы Нарын шаардык искусство мектебинде болуп, ага Академиялык алмашуулардын Герман кызматынын өкүлү профессор Нейгебауэр, университеттин ректору, профессор Омуралиева Дамира Кемеловна, университеттин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер жана Нарын шаарындагы алгылыктуу мекемелеринин айрым өкүлдөрү катышышты. Форумдун ачылышында университеттин ректору, профессор Омуралиева Дамира Кемеловна, «Кыргызстанда жана Грузияда практига багытталган окутуу» долбоорунун жетекчиси, профессор Нейгебауэр, Салкын Тѳр мамлекеттик жаратылыш паркынын жетекчиси, сөз сүйлөшүп, өз сөздөрүндө иш-чаранын максатын белгилеп, форумдун ишине ийгилик каалап өтүштү.

Андан соӊ форум факультеттерде уланды. Агрардык-техникалык факультетте жумуш берүүчү компаниялар, мекемелер, банктардын ѳкүлдѳрү, тактап айтсак Нарын облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бѳлүмү, Кыргызтелеком, «Чыгышэлектро» ишканасынын филиалы, Тянь-Шань райондук электр тармактары ишканасынын, Салкын-Тѳр мамлекеттик жаратылыш паркы, Мамлекеттик салык кызматынын Нарын областынын Нарын шаары боюнча башкармалыгынын, Кыргызстан банкы, Компаньон банкы, ДОС кредо банкы, баш аягы 30 мекеменин өкүлдөрү келип катышышты. Форумдун жүрүшүндө АТД кафедрасы тегерек стол уюштурушуп, анда студенттердин окутуучулар менен биргеликте даярдалган презентациялары сунушталып, жолугушуу кызуу талкуу, суроо-жооптор, пикир алмашуулар менен коштолду.

Аягында келген коноктор студенттерге ийгиликтерди каалап, уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.

Уюштуруучулар, мындай иш-чара студенттердин мындан ары да сапаттуу билим алышына түрткү берет деген терен ишеничте.

Фото

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *