










2026-жылдын 2-июнунда Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин аймактар маселеси боюнча проректору Базакеева Кундузгүл Жаманчаевна С. Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институтуна иш сапары менен келип, институттун профессордук-окутуучулук курамына жана кызматкерлерине университеттин сыйлыктарын тапшырды.
Сыйлыктар 31-май Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин түзүлгөн күнүнө карата, билим берүү тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги, окуу-тарбия иштериндеги жетишкендиктери, коомдук иштерге активдүү катышуусу жана институттун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыйгарылды.
Иш-чарада кызматкерлердин кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги, билим берүү жана тарбия багытындагы эмгеги өзгөчө белгиленип, алардын институттун өнүгүшүнө кошуп жаткан салымы жогору бааланды.
С. Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институту сыйлык ээлерин чын жүрөктөн куттуктап, алардын мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгилик, чыгармачылык дем жана жаңы жетишкендиктерди каалайт.
