НМУда улуу жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Заманымдын залкарысың, аалам сени тааныган» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети 2018-жылдын 5-октябрында Нарын шаардык Ж. Шералиев атындагы балдар искусcтво мектебинде Улуу жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Заманымдын залкарысың, аалам сени тааныган» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрдү. Конференцияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укутуу өкүлүнүн орун басары Ибраева Жаркын Бейшенбиевна, вице-мэр Эсенаманова Салтанат Кадыровна, Нарын районунун акиминин орун басары Жумаева Роза Ражаевна, К. Мамбеталиева атындагы Нарын облустук мамлекеттик тарыхый-этнографиялык музейинин кызматкерлери жана НМУнун профессордук-окутуучулук курамы, студенттери катышты. Нарын шаардык Ж. Шералиев атындагы балдар искусcтво мектебинин фойесинде «Ч.Айтматовдун чыгармалары орус сүрөтчүлөрүнүн көз карашында». (К.Мамбеталиева атындагы Нарын облустук мамлекеттик тарыхый-этнографиялык музейи) жана «Ч.Айтматов — дүйнөлүк доошу бар талант» (НМУнун Ж. Саалаев атындагы илимий китепканасы) аттуу китеп жана фото көргөзмө уюштурулду. Конференциянын пленардык отурумунда Залкар жазуучу Ч. Айтматовдун өмүрү жана анын чыгармалары тууралуу «Чыңгыз Айтматов ааламы», «Ч.Айтматов—адабий булактануунун айрым маселелери», «Ч.Айтматов-тубаса эколог», «Адам ариетин даңазалаган сүрөткер», «Ч.Айтматовдун каармандарынын көркөм дүйнөсү», «Ч.Айтматов ааламы музейде» аттуу илимий баяндамалары окулду. Конференциянын алкагында Кыргыз мамлекетин түптөөгө, элибиздин келечеги, рухий өнүгүүсүнө өз салымын кошкон, алгачкы инсандардын бири Н. Кулназаровдун 120 жылдыгына карата «Сталинизмдин жазыксыз курмандыктарынын элестери эстен кетпейт—Нуркул Кулназаров» жана Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери С. Ибраимовдун 90 жылдык юбилейине арналган «С.Ибраимовдун кыргыз тарыхындагы орду» аттуу илимий баяндамалар жана Ак-Талаа районунун Нуркул Кулназаров атындагы китепканасынан алынган материалдар көрсөтүлдү. Конференциянын соңунда Ч. Айтматовдун чыгармаларынан сахналаштырылган сценка жана концерттик программа; Н. Кулназаров жана С. Ибраимов тууралуу көркөм окуулар уюштурулду. Иш-чаранын бардык бөлүгү Нарын облустук мамлекеттик телерадио компаниясы жана Нарын облустук «Теңир Тоо» коомдук-саясий гезити тарабынан чагылдырылды.

Сүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *