«Жаз майрамы»

16-мартта С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин студенттик жатаканасында жашаган студенттер уюштурган «Жаз майрамы» аттуу оюн-зоок кече болуп өттү. Бул кеченин максаты студенттердин жатаканада жашаган күндөрүн кызыктуу өткөрүү, сабактан сырткаркы убактысын туура пайдалануу, шык жөндөмдөрүн калыптандыруу, мекенди сүйүүгө жана элдик нукура баалуулуктарды сактоого тарбиялоо болду.
Кеченин коноктору: Чет элден келген, Эл аралык тоолуу университеттердин координатору, эксперт Алиер Мародасейнов жана НМУнун ректору Э.М. Байбагышов, малекеттик тил жана жаштар саясаты боюнча проректору Э.А. Саргашкаев, илимий китепкананын директору Г. А. Кыдыралиев, МБЖБнун директору Ж. Бусурманкулова, НМУнун мед. айымы Ибраева А, НМУнун бүтүрүүчүлөрү Кабылбек уулу Ж., Самудинов У жана НМУнун мугалимдери жана студенттер катышышты. Бул кече өз максатына жетип жогорку деңгээлде өттү.
НМУнун ректору жана келген коноктор жатакана студенттерине окуудагы ийгиликтерди каалап, өз ойлорун айтып, мурда текшерилип жыйынтыкталган «Таза бөлмө» конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды. «Таза бөлмө», «Мыкты бөлмө», Үлгүлүү бөлмө" номинациялары боюнча грамоталар, белектер берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *