«Салам сага санжыралуу Ноорузум»

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кесипке кайра даярдоо борборунда, Нарын облусунун педагогикалык кызматкелери үзгүлтүксүз квалификациясын жогорулатуу үчүн белгиленген график боюнча курстан өтүп келишет. Курска келгенде жаңылануу багытында билим билгичтиктерге ээ болуу менен катар тажрыйба алмашуу максатында даталуу күндөргө карата ар кандай формада иш чаралар өткөрүлөт. Бул жолу мектепке чейинки билим берүү, башталгыч класстары, тарых, орус тили боюнча курска келген мугалимдер, тарбиячылар бүгүн 17- мартта Борбордун кызматкерлеринин жетекчилиги астында Нооруз майрамын утурлап «Салам сага санжыралуу Ноорузум» аталышында иш чара өткөрүштү. Иш чарага Нарын мамлекеттик университетинин окутуучулары, борбордун кызматкелери жана курстун угуучулары катышты. Иш чараны ачууда Борбордун директору Бусурманкулова Жаныл Абдимуталиповна, НМУнун проректорлору Жантаев Адилет Сүйүндүкович жана Саргашкаев Эсен Абдраевич куттуктоо сөздөрүн айтуу менен иш чараны ачышты. Иш чарада улуу Нооруз майрамынын, кыргыз элинин баалуулуктарын чагылдырган ырлар, көркөм окуу, кыргыз бийи, макал-лакаптар, жанылтмачтар, акыйнектер жана кыргыздын каада салттары аткарылды. Иш чара жакшы маанай тартуулап, жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *