«Эрте келген турналар» көркөм окулду Ж. Саалаев атындагы илимий китепкананын жамаатынын демилгеси менен 2018-жылдын 25-сентябрында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жана университеттин алдындагы агрардык-экономикалык колледждин студенттеринин арасында Ч. Айтматовдун «Эрте келген турналар» чыгармасы боюнча көркөм окуу өткөрүлдү. Адабий кече залкар жазуучу Ч. Айтматовдун «Эрте келген турналар» повестинде согуш учурунун катаал шартында бийик адамдык абийирин сактап калган жаш өспүрүмдөр көркөм […]
Нарын мамлекеттик университетинде «Саламаттыкты сактоодогу информатика» аудиториясынын ачылышы болду
2018-жылдын 3−4-августунда С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде Европа Биримдигинин Эразмус Плюс программасынын KyrMedu «Кыргызстандагы саламаттыкты сактоонун менеджменти жана биомедициналык инженерия багытындагы жогорку билимди өнүктүрүү» долбоорунун алкагында координаторлордун жолугушуусу болду жана «Саламаттыкты сактоодогу информатика» адистиги боюнча окуу аудиториясынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул иш-чарага С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору, профессор Омуралиева Дамира Кемеловна жана KyrMedu долбоорунун координатору, […]
Түркиянын Кастамону университетинин делегациясы Нарын мамлекеттик университетинде
2018-жылдын 6-июлунда боордош Түркия республикасынын Кастамону университетинин расмий делегациясы С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде ишсапар менен болуп кайтты. Курамына Түркиянын Кастамону шаарынын вице-мэри Ахмед Севгидиоглу, мэриянын жана Кастамону университетинин жооптуу кызматкерлери кирген делегацияны Кастамону университетинин ректору Сейит Айдин жетектеп келген. Ишсапардын негизги максаты — Нарын мамлекеттик университети менен Кастамону университетинин ортосунда 2017-жылдын 12-декабрында түзүлгөн кызматташтык келишиминин алкагында аткарылуучу иш-чараларды талкуулоо, […]

НМУда «Кыргыз шырдактары: Маданий мурастын элементтерин сактоо жана базардын талаптарына ылайыктоо маселелери» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү
2018-жылдын 29-июнунда С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Кыргыз шырдактары: Маданий мурастын элементтерин сактоо жана базардын талаптарына ылайыктоо маселелери» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференция Кыргызстандын кол өнөрчүлөр кеңеши менен биргеликте уюштурулду. Конференцияга КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.Б.Ибраева, Кыргызстандын кол өнөрчүлөр кеңешинин Президенти Карыбекова Жаңылбүбү, кол өнөрчүлүктү колдоо боюнча Борбор Азиялык Ассоциациянын Кыргызстандагы ресурстук борборунун жетекчиси […]

Нарын мамлекеттик университети VIII эл аралык «Кыргыз шырдагы» фестивалына активдүү катышты
2018 жылдын 28−30 июнунда Нарын шаарында VIII эл аралык «Кыргыз шырдагы» фестивалы болуп ѳттү. 28-июнда фестивалдын ачылышы болуп, ага вице-премьер-министр А. Ѳмүрбекова, КР Ѳкмѳтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү А. Кайыпов жана Кыргызстандагы Франциянын посолу Микаэль Ру, С. Нааматов атындагы НМУнун ректору, э.и.д., профессор Д.К. Омуралиева катышты. Нарын мамлекеттик университеттин Агрардык-экономикалык колледжинин студенттери ачылыш аземинде ар кыл аталыштардагы кѳргѳзмѳлѳргѳ катышышты жана студенттер […]