2018-жылдын 3−4-августунда С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде Европа Биримдигинин Эразмус Плюс программасынын KyrMedu «Кыргызстандагы саламаттыкты сактоонун менеджменти жана биомедициналык инженерия багытындагы жогорку билимди өнүктүрүү» долбоорунун алкагында координаторлордун жолугушуусу болду жана «Саламаттыкты сактоодогу информатика» адистиги боюнча окуу аудиториясынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул иш-чарага С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору, профессор Омуралиева Дамира Кемеловна жана KyrMedu долбоорунун координатору, […]