2018-жылдын 29-июнунда С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Кыргыз шырдактары: Маданий мурастын элементтерин сактоо жана базардын талаптарына ылайыктоо маселелери» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференция Кыргызстандын кол өнөрчүлөр кеңеши менен биргеликте уюштурулду. Конференцияга КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.Б.Ибраева, Кыргызстандын кол өнөрчүлөр кеңешинин Президенти Карыбекова Жаңылбүбү, кол өнөрчүлүктү колдоо боюнча Борбор Азиялык Ассоциациянын Кыргызстандагы ресурстук борборунун жетекчиси […]
