С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин окумуштуулар кеңешинин 9-июндагы чечими менен университеттин өнүгүшүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн Өмүрбеков Токторбек Наматбековичке «С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Ардактуу Профессору» наамы ыйгарылды. Тарых илимдеринин доктору, профессор Өмүрбеков Токторбек Нааматбекович азыркы учурда Ж. Баласагын атындагы КУУнун Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын профессору кызматын аркалап келет. Ал — Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын тарыхы боюнча жазылган 180ден […]
С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети менен Солюшинс окуу борборунун ортосунда келишим түзүлдү
22-июнда Нарын мамлекеттик университети менен Бишкек шаарында жайгашкан Солюшинс окуу борборунун ортосунда кызматташтык келишими түзүлдү. Бул кызматташтык окутуунун жаңы методикаларын, технологияларын алмашуу, ошондой эле биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү максаттарын көздөйт.
Лекции Франко Фавили в НГУ, профессора Пизанского университета, Италия
В рамках программы Erasmus+ по приглашению НГУ итальянский профессор Франко Фавили с Пизанского университета с 21 по 25 мая провел лекции для преподавателей средних школ и университета, а также для студентов математического образования НГУ. Активное участие приняли студенты физико-математического факультета. В ходе лекции были затронуты следующие актуальные темы: «Этно-педагогика», «Новые информационные технологии», «Современные методы преподавания математики и физики». ФОТО

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында KyrMedu долбоорунун алкагында түзүлгөн «Биомедициналык лабораториянын» ачылышына Нарын университетинин өкүлдөрү катышты
2018-жылдын 25-майында И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Европа Биримдигинин Эразмус Плюс программасынын «Кыргызстандагы саламаттыкты сактоонун менеджменти жана биомедициналык инженерия багытындагы жогорку билимди өнүктүрүү» (KyrMedu) долбоорунун алкагында түзүлгөн «Биомедициналык лабораториянын» салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул иш-чарага С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору, профессор Омуралиева Дамира Кемеловна жана KyrMedu долбоорунун НМУдагы координатору, «Агрардык-техникалык дисциплиналар» кафедрасынын доценти Байбагышов Эрмек […]

Нарын университетинин окумуштуулары эл аралык он-лайн илимий конференцияга катышышты
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Унаа жана машина куруу» факультети тарабынан 11-май, 2018-жылы онлайн режиминде уюштурулган эл аралык конференцияга С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин «Агрардык-техникалык дисциплиналар» кафедрасынын докторанты, т.и.к., профессордун м.а. Э.Д.Молдалиев жана анын аспиранты К.Ж. Мамбеталиева илимий изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча баяндама жасашты. Эл аралык конференцияга Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын техникалык адистиктеринен сырткары Москва авто-жол мамлекеттик университетинин, Ташкент авто-жол […]