• 9849-xxx-xxx
  • noreply@example.com
  • Кыргызстан, Нарын шаары, С. Орозбак 25
Нарын университетинин окутуучулары Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде иш сапарда болуп кайтышты

Нарын университетинин окутуучулары Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде иш сапарда болуп кайтышты

Германиянын Батыш Саксониядагы Цвикау Прикладдык илимдер университетинин базасында Эразмус+ программасынын «Кыргызстандагы саламаттыкты сактоонун менеджменти жана биомедициналык инженерия багытында жогорку билимди өнүктүрүү» KyrMedu долборунун алкагында Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде «Tele-teaching» лабораториясынын ачылышы жана «Электрондук окутууну (E-Learning) уюштурууда LMS Moodle платформасын колдонуу (администрлөө, окуу программаларын жүктөө, окутуучуларды жана студенттерди каттоо жана өзгөчөлүктөрү)» темасындагы семинарга 2018-жылдын 25−26 сентябрь күндөрү С. Нааматов атындагы Нарын […]

НМУда улуу жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Заманымдын залкарысың, аалам сени тааныган» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү

НМУда улуу жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Заманымдын залкарысың, аалам сени тааныган» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети 2018-жылдын 5-октябрында Нарын шаардык Ж. Шералиев атындагы балдар искусcтво мектебинде Улуу жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Заманымдын залкарысың, аалам сени тааныган» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрдү. Конференцияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укутуу өкүлүнүн орун басары Ибраева Жаркын Бейшенбиевна, вице-мэр Эсенаманова Салтанат Кадыровна, Нарын районунун акиминин орун басары Жумаева Роза Ражаевна, К. Мамбеталиева […]

Ж. Саалаев атындагы Илимий китепканада залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган иш-чаралардын цикли өткөрүлүүдө

«Эрте келген турналар» көркөм окулду Ж. Саалаев атындагы илимий китепкананын жамаатынын демилгеси менен 2018-жылдын 25-сентябрында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жана университеттин алдындагы агрардык-экономикалык колледждин студенттеринин арасында Ч. Айтматовдун «Эрте келген турналар» чыгармасы боюнча көркөм окуу өткөрүлдү. Адабий кече залкар жазуучу Ч. Айтматовдун «Эрте келген турналар» повестинде согуш учурунун катаал шартында бийик адамдык абийирин сактап калган жаш өспүрүмдөр көркөм […]

Нарын мамлекеттик университетинде «Саламаттыкты сактоодогу информатика» аудиториясынын ачылышы болду

2018-жылдын 3−4-августунда С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде Европа Биримдигинин Эразмус Плюс программасынын KyrMedu «Кыргызстандагы саламаттыкты сактоонун менеджменти жана биомедициналык инженерия багытындагы жогорку билимди өнүктүрүү» долбоорунун алкагында координаторлордун жолугушуусу болду жана «Саламаттыкты сактоодогу информатика» адистиги боюнча окуу аудиториясынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул иш-чарага С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору, профессор Омуралиева Дамира Кемеловна жана KyrMedu долбоорунун координатору, […]

Түркиянын Кастамону университетинин делегациясы Нарын мамлекеттик университетинде

2018-жылдын 6-июлунда боордош Түркия республикасынын Кастамону университетинин расмий делегациясы С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде ишсапар менен болуп кайтты. Курамына Түркиянын Кастамону шаарынын вице-мэри Ахмед Севгидиоглу, мэриянын жана Кастамону университетинин жооптуу кызматкерлери кирген делегацияны Кастамону университетинин ректору Сейит Айдин жетектеп келген. Ишсапардын негизги максаты — Нарын мамлекеттик университети менен Кастамону университетинин ортосунда 2017-жылдын 12-декабрында түзүлгөн кызматташтык келишиминин алкагында аткарылуучу иш-чараларды талкуулоо, […]

You are using the BNS Add Widget plugin. Thank You!