С. Нааматов атындагы НМУнун Ж. Саалаев атындагы Илимий китепканада 2017-жылдын 12-апрелинде «Ыйман, адеп жана маданият» жылынын алкагында Муса Баетовдун 115 жылдык мааракесине арналган «Муса жашайт кыргыз барда, тарыхта, кылымдардан-кылымдарга» эскерүү кечеси болуп өттү. Бул кечеге НМУнун студенттери, акын, обончу, аткаруучу Муса Баетовдун кызы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Рая Баетова, КР өкмөтүнүн Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж. Ибраева, […]
Борбордук Азия Университетине ишсапар
2017-жылдын 4-апрелинде С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жетекчилиги Борбордук Азия Университетинде ишсапар менен болуп кайтты. Ишсапар учурунда Борбордук Азия Университетинин Гуманитардык жана так илимдер мектебинин деканы Диана Пауна, аталган мектептин деканынын орунбасары Бернадет Дин жана студенттердин иштери боюнча менеджер Эрик Краус менен жолугушуу өткөрүлүп, эки университеттин ортосундагы кызматташтыктын багыттары кеңири талкууланды. Эскерте кетсек, бул жолугушуу эки жогорку окуу жайдын […]
Ж. Саалаев атындагы илимий китепкана- тренингдер
НМУнун Ж. Саалаев атындагы илимий китепкананын окуу залында 27-марттан 31-мартка чейин «Ыйман, адеп жана маданият» жылына арналган «Жаштар жана шайлоо» темасында тренингдер өтүп жатат. Максаты: жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо, өз өлкөсүнүн жашоосуна активдүү катышууга көмөктөшүү, жаштардын укуктук маданиятын калыптандыруу. Бул тренингке НМУнун студенттери, Нарын педагогикалык, Нарын агрардык-техникалык, Нарын юридикалык колледждеринин студенттери жана мектептердин жогорку класстарынын лидерлери катышууда. Бул долбоор Кыргызстандагы АКШ элчилиги […]
Маалыматтык кат
Урматтуу кесиптештер! С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети 2017-жылдын 13-апрелинде Адеп, ыйман жана маданият жылына карата «Илим-билимдин өнүгүүсүндө адеп-ыймандык жана маданий баалуулуктар» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрөт. Конференциянын ишинин багыттары: • Илим изилдөөнүн жетишкендиктеринин жана коомдук маданий өнүгүүнүн багыттары; • Билим берүү системасынын учурдагы абалы жана көйгөйлөрү; • Педагогикалык-психологиялык илимдердеги адеп-ыймандык баалуулуктар; • Философиянын, социологиянын жана кыргыз тарыхынын маселелери; • […]
Студенттин эң мыкты ѳз алдынча иши
25 — ноябрдын 2016 жылындагы 22-чи жолку ѳткѳзүлүп жаткан Нарын мамлекеттик университетинин денгээлинде уюштурулган «Студенттин эң мыкты ѳз алдынча иши» кароо-сынагынан Экономикалык коопсуздук дисциплинасынын «Тайм -менеджменттин экономикалык коопсуздуктагы ролу» темасы менен I орунду камсыз кылган Аалыканова Нурайды куттуктайбыз! ЭБжана башкаруу факультетинин жамааты.