Ж. Саалаев атындагы илимий китепкана- тренингдер

НМУнун Ж. Саалаев атындагы илимий китепкананын окуу залында 27-марттан 31-мартка чейин «Ыйман, адеп жана маданият» жылына арналган «Жаштар жана шайлоо» темасында тренингдер өтүп жатат. Максаты: жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо, өз өлкөсүнүн жашоосуна активдүү катышууга көмөктөшүү, жаштардын укуктук маданиятын калыптандыруу. Бул тренингке НМУнун студенттери, Нарын педагогикалык, Нарын агрардык-техникалык, Нарын юридикалык колледждеринин студенттери жана мектептердин жогорку класстарынын лидерлери катышууда. Бул долбоор Кыргызстандагы АКШ элчилиги жана «Кыргызстан Фулбрайт Ассоциациясы» тарабынан колдоого алынып «Параллель» коомдук бирикмеси жана илимий китепкана тарабынан ишке ашырылып жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *