В феврале 2018 года с официальным визитом прибыла исполнительный директор Enactus Kyrgyzstan Гульбарчин Суюнова вместе с партнерами Enactus (представители ООН и Газпром-Нефть). В первом дне Гульбарчин Суюнова отдельно встретилась с командой Энактас НГУ в KulturCafe, которая недавно сформировалась, и с академическими эдвайзерами команды: Жанара Байтугелова и Абдыкеримова Нургуль. Директор поделилась своим опытом, рассказала о национальных соревнованиях, о мировом кубке, которые проводятся ежегодно, также поделилась секретами командной работы. На следующий день Гульбарчин Суюнова вместе […]
Студенттерге Г. Мамбеталиева атындагы стипендия тапшырылды
2018-жылдын 22-январында Нарын мамлекеттик университетинде «Дордой» ассоциациясынын өкүлү болду. Ал окууда ийгиликтерге жетишкен жана коомдук иштерге активдүү катышкан студенттерге Г. Мамбеталиева атындагы стипендиянын сертификатын тапшырды. Быйылкы окуу жылынын башында аталган фонддун талабына ылайык университетибиздин 8 студенти өз документтерин тапшырып, анын ичинен филология факультетинин 3-курсунун студенти Г. Тукешова жана педагогика факультетининин 4-курсунун студенти Бакытбекова Айчолпон татыктуу деп табылган. Стипендия бир окуу жыл бою ай сайын […]
Өлкөнүн өнүгүү стратегиясы талкууга алынды
2017-жылдын 28-декабрында Нарын мамлекеттик университетинде «Кыргыз Республикасын 2018−2040-жылдарда туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясы. Таза коом. Жаӊы доор» стратегиялык документинин долбоору талкууланды. Ачык талкууга университеттин «Экономика жана бухгалтердик эсеп», «Финансы жана менеджмент», «Тарых, философия жана социалдык-экономикалык билим берүү» кафедраларынын окутуучулары, университеттин жетекчилиги жана студенттик жамааттын өкүлдөрү катышты. Катышуучулар өнүгүү стратегиясынын долбоору боюнча өз пикирлерин айтышып, талкуу ачык-айрым аӊгемелешүү форматында жүрдү. Маектешүүнүн жүрүшүндө стратегиянын […]
«Мидин-100» фондунун төш белгиси ыйгарылды
2017-жылдын 19-ноябрында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Мидин-100» фондунун өкүлү Асаналиев Замир Асаналиевичтин университеттин профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда Замир Асаналиевич М. Алыбаевдин 100-жылдыгына карата 3 томдук китеби басылып чыккандыгын маалымдап, анда акындын эл оозунда айтылып жүргөн чыгармалары, мурунку чыгармаларынын ондолуп жасалган жаңы варианттары киргендигин айтып өттү. Мындан сырткары, Замир Асаналиевич республикадагы алгачкылардан болуп ишке кирген «Объектив» интернет […]
Нарын мамлекеттик университети Кастамону университети менен кызматташат
2017-жылдын 19-декабрында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине Турциянын Кастамону университетинин ректору профессор Сейит Айдын жетектеген делегация официалдуу визит менен келди. Бул визиттин негизги максаты эки университеттин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюу. Алгач Кастамону университетинин ректору профессор Сейит Айдын мырза НМУнун профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушуп, анда мейман катышуучуларга Кастамону университети жөнүндө кеңири маалыматтарды берип, НМУ менен мындан ары кызматташууга кызыктар […]