«Мидин-100» фондунун төш белгиси ыйгарылды

2017-жылдын 19-ноябрында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Мидин-100» фондунун өкүлү Асаналиев Замир Асаналиевичтин университеттин профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда Замир Асаналиевич М. Алыбаевдин 100-жылдыгына карата 3 томдук китеби басылып чыккандыгын маалымдап, анда акындын эл оозунда айтылып жүргөн чыгармалары, мурунку чыгармаларынын ондолуп жасалган жаңы варианттары киргендигин айтып өттү. Мындан сырткары, Замир Асаналиевич республикадагы алгачкылардан болуп ишке кирген «Объектив» интернет газетасынын чыгарылышы жөнүндө токтолуп, маалымат жайылтуу үчүн дагы бир булак катары кызматташууга чакырып өттү. Сөзүнүн аягында, мейман «Мидин-100» фондунун атынан акындын чыгармачылыгын элге жайылтуу, даңазалоо боюнча мыкты иш-чараларды уюштургандыгы үчүн НМУнун ректоруна атайын төш белги ыйгарып, жаңы басылып чыккан китептердин бир нече нускасын университеттин китепканасына белекке берди. Жолугушуу Замир мырзанын мындан ары да Тенир-Тоонун кулуну М. Алыбаевдин чыгармачылыгын даңазалоо үчүн НМУнун окутуучулары колдоо көрсөтөт деген ишеничин билдирүүсү менен аяктады.

Фото

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *