Нарын мамлекеттик университетинде «Саламаттыкты сактоодогу информатика» аудиториясынын ачылышы болду

2018-жылдын 3−4-августунда С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде Европа Биримдигинин Эразмус Плюс программасынын KyrMedu «Кыргызстандагы саламаттыкты сактоонун менеджменти жана биомедициналык инженерия багытындагы жогорку билимди өнүктүрүү» долбоорунун алкагында координаторлордун жолугушуусу болду жана «Саламаттыкты сактоодогу информатика» адистиги боюнча окуу аудиториясынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул иш-чарага С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору, профессор Омуралиева Дамира Кемеловна жана KyrMedu долбоорунун координатору, Германиянын Цвикау университетинин профессору Франк Гримм катышышты.

Окуу аудиториясы НМУнун Агрардык-техникалык факультетинин «Маалыматтык технологиялар» кафедрасынын базасында уюштурулган.

Иш-чарага долбоорго катышкан Кыргызстандын башка 7 жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү да келип катышты. Жыйынтыгында, бул багытта башка ЖОЖдор менен студенттердин мобилдүүлүгүн уюштуруу жана келечекте өз ара тыгыз кызматташуу зарылдыгы өзгөчө белгиленди.

Эскерте кетсек, учурда С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Саламаттыкты сактоодогу информатика» адистигинин алгачкы студенттери 2-курста билим алууда. Быйылкы окуу жылына да бул адистикке студенттер кабыл алынган.

Сүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *