Китепканага белек.

С. Нааматов атындагы НМУнун Ж.И.Саалаев атындагы Илимий китепканасына 2017-жылы июнь айында акын, журналист жана юрист Жедигер Ибраимович Саалаев китептерди жана китеп шкафтарын белекке берди. Өздүк китепканасын түзгөн бул белек 1147 нуска китептен турат. Бул китептер илим тармактары боюнча: мамлекет жана укук, адабият таануу, журналистика, саясат таануу, тарых жана башкалар. Басымдуу көпчүлүгү көркөм адабияттар. Бул белекке берилген адабияттар № 1 окуу залында жайгашкан. Илимий китепканага кошкон салымы үчүн Жедигер Ибраимович Саалаевге китепкана жамаатынын жана окурмандардын атынан терең ыраазычылык билдирүү менен ишине ийгиликтерди каалайбыз.

Урматтуу университетибиздин окутуучулары жана студенттер! Бул китептер менен таанышып пайдаланып туруңуздар.

Сүрѳттѳр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *