Меморандумга кол коюлду

2023-жылдын 10−11-апрелинде С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору Байбагышов Эрмек Муратканович эки олуттуу уюм менен университеттин Инновациялык агро борбору менен бирге иш алып баруу боюнча меморандумга кол койду. Биринчи кызматташуу меморандуму Экологиялык продуктыларды өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Асаналиев Турусбек Үсенбекович менен түзүлүп, келечекте бирге иштешүү үчүн пландар талкууланды. Экинчи меморандум Абдырайым уулу Шабдан жетектеген санариптик өнүктүрүү жана креативдик экономика башкармалыгы менен түзүлдү. Агро борбор аталган уюмдар менен чогуу Нарын облусунун жаш ишкерлерине айыл чарба тармагы боюнча окутууларды, тренингдерди өтүп туруу милдеттенмелерин алды. Университеттин Инновациялык агро борбору «Жаш Табышкер» долбоорунун алкагында, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен «Энактас Кыргызстан» коомдук уюму тарабынан ачылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *