Архив Октябрь 2019

Германиянын академиялык алмашуу кызматынын өкүлдөрү менен жолугушуу (DAAD)

С. Нааматов атындагы НМУнун ректору Таштанбек Моңолдорович 22-октябрда Кыргызстандагы Түркия мамлекетинин атайын жана ыйгарым Укуктуу Элчиси Женгиз Камил Фырат менен жолугушуп келди. Жолугушууда эки тараптын кызматташуу диалогу абдан кызыктуу өтүп, көп багыттар аныкталды.

25-октябрда, С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетти Ак-Талаа районунун 10−11 класстын окуучулары университет менен таанышып, чакан экскурстан өтүштү.

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу-билим сапатын көтөрүүнүн негизинде Сияев Таштанбек Монолдорович тренинг өткөздү

«Келечекте жаңылбоо үчүн өткөндү билүү керек» Саясий ишмер Т. Усубалиевдин 100 -жылдыгына арналган адабий-илимий кече.

2019 жылы 17-октябрда саат 11:00 НМУнун Ж. Саалаев атындагы илимий китепканасынын № 1 окуу залында Т. Усубалиедин 100 жылдыгына карата «Келечекте жанылбоо үчүн өткөндү билүү керек» аттуу темада адабий-илимий кече өткөрүлдү. Китепкананын директору Г. Кыдыралиева кеченин максаты: Кыргызстандын өсүп өнүгүшүнө опол тоодой эмгек кылган инсандарыбыздын ишмердүүлүгү аркылуу жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо жана өз эли журту, ата мекени үчүн талыкпаган кызмат …

Читать далее

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы

Бүгүн, 22-октябрда, НМУнун жана Нарын шаарынын башка окуу жайларынын студенттери менен Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Кармабековна Шайлдабекова жолугушуп, шайлоо системасы жөнүндө жалпы түшүнүк берип жана студенттердин суроолоруна жооп берди. Соңунда БШКнын төрайымы НМУга Брайль системасы боюнча басылган Кыргыз Республикасынын Конституциясын белекке берди.