• 9849-xxx-xxx
  • noreply@example.com
  • Кыргызстан, Нарын шаары, С. Орозбак 25

«Сайма жана белдемчи» аттуу илимий-практикалык көргөзмө.

Бүгүн, 13-апрелде Нарын шаарындагы Ж. Шералиев атындагы искусство мектебинде, «Сайма жана белдемчи» аттуу илимий-практикалык көргөзмө өткөрүлдү. Көргөзмөдө кыргыз элинин улуттук кийим-кечелерине кирген белдемчилер көрсөтүлүп, салттуу кол өнөрчүлүктүн нускасы болгон сайма боюнча мастер-класстар өткөрүлдү. Мындан сырткары НМУнун окутуучусу М. И. Молдалиева «Ата-бабадан келе жаткан, шөкөттөлгөн кийим — белдемчи» темасында илимий баяндама жасады. Илимий-практикалык көргөзмөнүн аягында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети менен Нарын шаарынын маданият бөлүмү кызматташуу меморандумуна кол коюшту.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

You are using the BNS Add Widget plugin. Thank You!